Санжар Кадыралиев1

Жогорку Кеңешттин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге кылмыш иши козголду жана Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан алынды.

Ош шаардык соту 18-ноябрда аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Өткөн аптада Кадыралиевдин үстүнөн дагы бир айылдашы-Абдимитал Бекташев даттанып, Башкы прокуратурага арыз жазган болчу. Буга ал депутаттын бир тууганы жерин тартып алганы жатканын жүйө келтирген. Андан мурдараак Кадыралиевди дагы бир жеке ишкер куралдуу карактоого байланыштуу айыптаган эле. 

Мээрим БАКТЫБЕКОВА