чек ара киносу3-
чек ара киносу2-

чек ара киносу1- чек ара киносу-

Бүгүн,  26-февралда КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын борбордук аппаратында “Чек ара” көркөм тасмасынын жаратуучуларын жана башкы каармандарын сыйлоо аземи болуп өттү.  Анда чыгармачылык коллективге сыйлыктарды тапшырып жатып Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Райимберди Дүйшенбиев бул өлкөнүн чек арачыларынын жашоо турмушуна арналган ата мекендик биринчи көркөм фильм болуп саналаарын баса белгилей кетти.

Ведомстволук “Карегимде Мекен чеги” медалы  аталган көркөм лентанын директору Руслан Көпөбаевдин,  режиссер-коюучусу Элдияр Айылчиевдин  жана актер Эрлан Шантемировдун төштөрүнө тагылды. Ал эми КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын Грамотасына режиссер Бектен Токтонов менен оператор Кадыркул уулу Калыс татыктуу болушту. Башкы ролдордуойношкон Рамазан Кубатбековго, Азат Жунушевге жана Бахтияр Раушанбековго Төраганын атынан алкыш-ыраазычылык жарыя кылынды.

Бул көркөм тасма 2014-жылы Чүй чек ара отрядынын чек ара жайында тартылып, 2015-жылдын 22-февралында КТРКдан көрсөтүлдү.

Таалайбек  ТЕМИРОВ