мончо1

Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылында жеке ишкер Сапарбек Курманалиев пайдаланылбай келген имаратты колуна алып, өз каражатынын эсебинен 6 млн сом жумшап, заманбап үлгүдөгү мончого айландырды. Жеке ишкердин айтканына караганда мончого кирүү акысы чоң адамдарга караганда мектеп окуучулары үчүн арзан болмокчу. Ошондой эле ал жаз алды менен мончонун айлана тегерегин жашылдандыруу жана жакшыртуу иштерин колго алууга эмитеден кам көрүүдө.

Нуржигит Сейдалиев, Талас