Кыргызстандагы белгилүү бизнесмен Райкан Алкановго кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилди. Ишкерге дарыгерлер 4 сааттан ашык операция жасашып, абалы оор бойдон экени айтылууда. Алкановдун башына 3 жолу, денесине 13 жолу бычак сайылган, анын көптөгөн ички органдары жабыркаганын 26-октябрда укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз кабарлашты.

Маалыматка таянсак, 82 жаштагы Райкан Алканов 25-октябрда Талас облусунун 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага (Талас облусунда) катышкан. Катышуучулардын айтымында, салтанатта меценат көңүлдүү отурган, ырдап, бийлеген. Салтанаттан кийин эс алуу үчүн үйүнө кеткен. Ал эми эртеси, 26-октябрда оор абалда ооруканага жеткирилген.

Өздүк булактарыбыз билдиргендей, ишкердин үчүнчү аялы кылмышка шектүү катары каралууда .

Райкан Алканов – “Алканов жана компания” ЖЧКсынын президенти.

Булак: super.kg