кар

Жалал-Абад облусунун Сузак  районундагы  Кыз-Көл айыл аймагында  2014-жылдын7-8-декабрында жааган кардан жана катуу шамалдын кесепетинен Кыз-Көл айыл аймагынын балансындагы Кашка-Терек-Кызыл-Кыя ички чарбалык жолу кар күрткүлөрүнө толуп, унаа жолу жабылган.

Тазалоо иштерин КР ӨКМнен 1 бульдозер жүргүзүп, 2014-жылдын 16-декабрында саат 18:20да ички чарбалык жол толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.

 Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна атайын буйрук чыкканга чейин чектөө коюлду.