Ысык-Көл көлүнө кийинки, 2015-жылы 2 млн. балык кое берилет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө балык чарбасынын Ысык-Көл жана Нарын аймактар аралык департаменти сига-лудоги балыгынын икрасын чогултуу иштерин жүргүзүүдө. Андан соң икра Тоң райондук балык заводуна жеткирилип, атайын идиштерде өстүрүлөт.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө аппаратта Ысык-Көл форелинин 400 даанасы бар.

«Биз жыл сайын форель же сига-лудога икра таштаган убакта аларды жасалма көбөйтүүгө аракет кылабыз. Белгилүү бир жерлерге торлорду коюп, ага түшкөн балыктардын икрасын кол менен алабыз. Аларды каздын, индюктун же тооктун канаты менен аралаштырып, ал 20 мүнөт турган соң 7 жолу пресстелген, муздак таза суу менен жууп, атайын термоско суусу менен салып, Тоң балык заводуна жөнөтөбүз. Аларды 4 ай тиешелүү тамагын берип багабыз. Алар негизинен тооктун жумурткасынын сарысын жешет. Ал эми, аппаратта суу автоматтык түрдө алмашып турат. 4 айдан кийин эң биринчи болуп көздөрү чыгат. Бул учурда алар тышкы чөйрөгө көнүшүп, жырткыч балыктардан качууга жарап калышат», – деп билдирди Ысык-Көл жана Нарын аймактар аралык департаментинин башчысы Бактыбек Асанов.

Анын айтымында, балыктар табигый түрдө өзүлөрү да көбөйө алат, бирок икра жеген жырткыч балыктар коркунуч туудурат.

Б.Асанов белгилегендей, 4 ай багылып, сууга кое берилген балыктардын 30%ы жашап кетсе, адистер үчүн жогорку көрсөткүч.

Аны менен катар, браконьерлер менен да күрөш жүрүп жатканын кошумчалады.

«Күндүз биздин кызматкерлер жасалма көбөйтүү менен алектенишет, ал эми, кечинде браконьерлер менен күрөшүшөт. Айрымдары күнөөлөрүн сезсе, кээ бири кызматкерлерге каршылык көрсөтөт. Бирок мурдагыга караганда алардын саны азайды», – деп билдирет Б.Асанов.

Кошумчалай кетсек, учурда департамент Билимдер академиясына Ысык-Көлдөгү балыктарды жеп жаткан жырткыч балыктарды кармоого уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылды. Эгер уруксат берилсе, жырткычтар жыл сайын кармалып, башка балыктардын көбөйүүсүнө тоскоол боло албай калышат.

Булак: Баракелде