Бүгүн, 19-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев КР өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү салтанатына катышты.

КР Жогорку Кеңешинин жыйынындагы салтанаттуу аземдин жүрүшүндө КРнын ички иштер министри Турганбаев Мелис Токтомамбетович, КРнын маданият,  маалымат жана туризм министри Максүтов Алтынбек Аскарович, КРнын энергетика жана өнөр жай министри  Турдубаев Кубанычбек Апышевич, КРнын саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич ант беришти.

КР өкмөтүнүн аталган мүчөлөрү буга чейин КР ЖК тарабынан жактырылып, КР президентинин тиешелүү жарлыктары менен дайындалышкан.

Салтанатка премьер-министр Жоомарт Оторбаев дагы катышты.

Тема боюнча: Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

1

2

3

4

6

7

8

9

10

11

Фото: Президенттин басма сөз кызматы