kulov
Коомчулукта жаз келээри менен парламент тарайт жана кыска аралыкта кайрадан шайлоо болот экен деген кептер айтыла калып жүрөт. Буга байланыштуу парламенттеги көпчүлүк коалициясынын башчысы, “арнамысчы” Феликс Кулов билдирүү жасап, жогорудагыдай айың кепти төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин азыр таратылышы мүмкүн эмес жана көпчүлүк коалициясында дагы ажырым болбойт. Ошондой эле ал белгилегендей, парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарашы тууралуу чечимге келүүнүн олуттуу себептери да жок. “Бул айрым бир депутаттардын жеке пикирлери болушу мүмкүн. Мен альянстын башчысы катары Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаттары мандаттарын жыйыштырып, жаңы шайлоо өнөктүгүн башташы мүмкүн дегенге ишенбейм”. Анткени, азыр парламентти таратуу логикага сыйбайт. Оболу шайлоо процессине байланыштуу бир катар мыйзамдарга оңдоо киргизишибиз керек. Ага кошумча Өкмөт “Кумтөр” маселесине чекит коюшу керек”,- деп билдирди Феликс Кулов.
Динар ТУРДУГУЛОВА