2016-жылы өтүүчү Европа чемпионатынын талисманы катары кичинекей балакай тандалып алынды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдирди.

Талисман, футбол боюнча Франция курамасынын түсүндөгү плащ менен футболка кийген жаш суперкаарманды чагылдырат.

«Ал, этеги узун чепкен, кыска шым, гетры, кол кап жана ага учууга жардам берген сыйкырдуу бутсыларды кийген. Негизги идея – ал элдерди бириктире алат дегенде турат»,- деп белгилешет персонажды ойлоп табуучулар – Лиондогу дизайнердик агенттиктин өкүлдөрү.

Талисмандын аты азырынча аталбайт.

Эске салсак, Евро чемпионаты 2016-жылдын 10-июнунан 10-июлуна чейин Францияда өтөт.

3897090

Талисмандын скриншоту