свет

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусуна байлынышкан мыйзамдар пакетине кирет.

Тактап айтканда, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын 2-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отун-энергетика комплексиндеги ыйгарым укуктары) төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталат:

-Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында белгиленген принциптерге ылайык энергетикалык ресурстардын жалпы рыногун түзүүнү;

-Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасында каралган учурларда, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүүдө көмөк көрсөтүүнү.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.