Жугуштуу эмес оорулардан эле дүйнөдө жылына 38 миллион адам көз жумат
Жүрөк жана өпкө, инсульт жана диабет сыяктуу жугуштуу эмес оорулардын айынан эле дүйнөдө жылына 70 жашка чейинки курактагы 38 миллион адам көз жумат.
Мындай маалыматтар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “Жугуштуу эмес оорулар боюнча дүйнөдөгү кырдаал, 2014” деп аталган жылдык докладында айтылат.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун генералдык директору Маргарет Чандын айтымында, эгерде дүйнө өлкөлөрү бир адамга жылына $1-3 эле каражат инвестицияласа, жугуштуу эмес оорулардын жана алардан өлгөндөрдүн саны кыйла азаймак. Ошондуктан, 2015-жылы ар бир өлкө өзүнө улуттук максаттарды аныктап, ага жетүүгө аракет жасоосу керек. Ансыз дагы эле жыл сайын миллиондогон адамдар өмүрлөрүнөн мезгилден мурда айрылышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Leave a Reply