Тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоого багытталган мыйзам долбоору 1-окууда каралды
Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев алып чыкты.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоо жана пайдалануу ошондой эле мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан.
Мында археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынаарын такталган. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас обьекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактардын атайын техникалык куралдарды (металл издөөчү, металлдетектор, радарлар жана магниттик аспаптар) атайын уруксатсыз колдонуусуна тыюу салынаары жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга кирептер кылаары айтылган. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply