парламент1

Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-ноябрда өтүп жаткан жыйынында депутаттар менен кызматкерлердин эмгек акысынын эсебинен Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөдөн жапа чеккен адамдарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин эртең, 27-ноябрда өтүүчү жыйынында өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Бороновдун Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болгон табигый кырсыктын кесепеттери тууралуу маалыматы угулмакчы.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА