Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти текшерүү иштеринин жүрүшүндө Карагай тар көчөсүнүн №19, 21 дарегинде мыйзамсыз жер тилкесин кеңейтип алуу фактысын аныктады.

Аталган даректин ээсине алгач жазуу түрүндө эскертүү берилип, административдик укук бузуу протоколу түзүлгөн жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун кароосуна жиберилген, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Карагай көчөсүнүн №19 дарегинде жашаган В.К.Головинский менен С.М.Кимдин атына ушул жылдын октябрь айында эскертүү берилип, ноябрда административдик протокол түзүлгөн соң Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Учурда мыйзамсыз курулган курулуш жана темир тосмолор жок кылынды.