мама1

КРнын Социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги тарабынан 2011-жылдан бери Москвадан жана Москва облусунан Кыргызстанга алынып келинген балдардын саны 44кө жетти.

Бул тууралуу социалдык жактан өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев кыргызстандык эмгек мигранттары менен болгон жолугушууда билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык кызматтын жетекчиси Максим Топилин менен Бажы биримдигине киргенден кийин социалдык маселелерди азайтуу, ошондой эле Орусиядагы балдарды Кыргызстанга кайтаруу жана эмгек мигранттарын социалдык жактан камсыздандыруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Биз чурда Орусиянын башка дагы аймактарын камтуу үчүн укуктук-ченемдик база даярдап жатабыз. Андан тышкары, жолугушууда эмгектенген жарандарды социалдык камсыздоо маселесин көтөрдүм. Сиздер билгендей, биздин Эмгек кодекс жарандар ишке жараксыз болгон учурда кепилдик берет. Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен мындай мыйзамдар эмгек мигранттары жүргөн өлкөлөрдүн мыйзамынын алкагында ишке ашырылат», – деди К.Базарбаев.

Ошондой эле, министр жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстардын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан суроолорго жооп берди.