Жогорку Кеңештин депутат айымдарынын форумунун иш-планы бекитилди
Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат айымдарынын кезектеги форуму жергиликтүү кеңештердин депутат айымдарынын катышуусунда болуп өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Надира Нарматова, депутаттар Айнуру Алтыбаева, Роза Акназарова, Элмира Жумалиева, Майрамкан Кадырбекова, Майрамгүл Тиленчиева катышып, жергиликтүү кеңештердин депутат айымдарынын иштерине ийгиликтерди каалады.
Маалымдалгандай форумдун Координациялык кеңешинин төрайымы А.Алтыбаева жергиликтүү кеңештердин депутат айымдары менен мындай жолугушуулар салтка айлангандыгын белгиледи. Ошону менен катар ал 2015-жылдын республикалык бюджетине гендердик көйгөй менен депутат айымдардын форум ишинин пландары эске алынып, сунушталган өзгөртүүлөр боюнча учкай маалымат берди.
Форумдун ишинин пландарына – республиканын бардык аймактарындагы жергиликтүү кеңештердин депутат айымдары менен жолугушуулар, кабыл алынган чечимдердин баардык деңгээлинде аялдардын сунушталышын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана алга жылдыруу, балдар ооруканаларынан, перинаталдуу борборлордон жана төрөт үйлөрүнөн кабар алуу, экология маселелерин талкуулоо кирет.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө аялдардын квотасын 50% чейин көтөрүү, аткаруу бийлик органдарына дагы гендердик квота менен депутат айымдын бошогон ордуна айым депутаттын келүүсүн белгилөө сунушталды.
Жолугушуунун соңунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарына “Даткайым” медалы тапшырылып, жергиликтүү кеңештердин депутат айымдарынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат айымдарынын форуму АКШнын Улуттук демократиялык институтунун колдоосу астында өткөрүлдү деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave a Reply