КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей 2014-жылдын 11-ноябрында саат 21:30 чамасында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алай-Куу унаа жолунун 80-чакырымында Алай-Куу айыл аймагынын Камкоргон айылынын тургуну Сооронбай уулу Талантбек УАЗ-469 үлгүсүндөгү мам.№ 73 69 ОШИ унаасы менен бара жатып ташты сүзүп, Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаада жалпы 9 жүргүнчү болгон. 7 адам жабыркаган, алардын абалдары туруктуу. 2 адам дайынсыз жоголгон.

Алар:

1. Акылбек кызы Батмабү, 2006-жылы туулган;

2. Тумар аттуу келин, 1968-жылы туулган.

Жеринде тактоо жана издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 2014-жылдын 12-ноябры күнү саат 07:25де КРнын ӨКМнин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы менен КРнын ӨКМнин Кара-Кулжа районундагы өрт-куткаруу бөлүмүнүн 2 куткаруучу менен бирге 1 фельдщер жана райондук милиция кызматкерин алып барышкан.

Дайынсыз жоголгон 2 адамдын сөөгү жол кырсыгы болгон жерден болжол менен 1,5-2 чакырым төмөн жактан саат 10:00дө табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.