орт

2014-жылдын 13-ноябры саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы кырдаал боюнча КРнын ӨКМнин басма сөз кызматынын билдирүүлөрүнө таянсак, Бишкек шаары боюнча 2014-жылдын 13-ноябрында таңкы саат 03:09да Совет көчөсүндө жайгашкан №87/2 он бир кабаттуу турак үйдүн жер төлөөсүнөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 6 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.

Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 11 адам куткарылып, анын ичинен 2 адам шаардык ооруканага жеткирилген. Андан сырткары 30 адам эвакуацияланган.

Өрттү өчүрүүгө КРнын ӨКМнин 5-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, 8- аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, 3-аскерлештирилген бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 06:04тө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Ошондой эле жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 12-ноябры саат 08:30дан 13-ноябры саат 08:30га чейин республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартып, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болуп, жол кырсыгы-1, өрт өчүрүүгө жардам берүү-1 болгон.