мейманбү2- Мейманбү- мейманбү1-

Абаттоо эрежеси талкууда

Учурда Жалал-Абад шаарында жайгашкан бардык мекеме, уюмдар менчигинин түрүнө карабастан калктуу конуштардын тургундары, шаар бийлиги менен  биргеликте “Жалал-Абад шаарынын аймактарын абаттоо жана жашылдандыруу эрежелери” боюнча долбоорун талкуулоо кызуу жүрүп жатат.

Бул эреже боюнча коомдук  угуулар өткөндөн кийин, коомчулуктун сунуш-пикирлерин эске алып, долбоорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, шаардык кеңештин депутаттарына сунушталып, сессияда каралуусу күтүлүүдө. Шаарды абаттоо эрежесин мыйзамдаштыруу бул мезгилдин талабы болуп жатат. Анткени, шаарды тазалоочу тиешелүү мекемелер тарабынан жүргүзүлгөн иш аракеттерден көзгө көрүнөөрлүк жыйынтык болбой жатат.  Ошондуктан, биз алдыбызга шаарыбыз канткенде шаар таза болот, деген суроо койдук. Шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрдүк, анда шаар калкы да таза жашоону каалап жатышканын билдиришип сунуштарын берип жатышты. Абаттоо эрежелерине кыскача токтоло турган болсом, анда: Жылдын төрт мезгили эске  алынган тиешелүү санитардык ченемдерге ылайык юридикалык (менчик түрүнө карабастан) жана жеке жактар:

– өз айланасына тиешелүү укугуна таандык  болгон жер тилкесинин чек арасынан периметри 25 метр чегиндеги  аралыкты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын шаардык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген объектти абаттоо паспортунун (схемасынын) негизинде тазалыкты кармоо жана жыйнаштыруу, турмуш-тиричилик, өнөр-жай калдыктарын жыйноо жана ташып чыгаруу иштерин уюштуруу жана  жүргүзүү;

– жашылдандыруу жана көрктөндүрүү багытында да өздөрүнө тиешелүү айланага  газондорду, гүл аянттарын, дарактарды жана бадалдарды кармоо. Башка абаттоо объектилерин, имараттардын, курулуштардын, курулмалардын маңдай жактарын жана башка элементтерин кармоо талаптагыдай пайдалануу жана архитектуралык нормага ылайык, эстетикалык көрүнүштөрүн жакшыртуу иштерин алып баруу;

– Жарнама конструкцияларына карата жалпы талаптарга ылайык иш алып баруу;

–  Үй жаныбарларын кармоонун тартибин сактоо ж.б. ушул сыяктуу эрежелерди сактоо менен шаар ичин тартипке келтирүүдө шаар калкы менен бирге аракеттенип жатабыз.

Шаарыбызды абаттоо эрежесинде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда административдик жана тартиптик чара көрүлөөрү да белгиленген. Муну менен айтайын дегенибиз, эгерде ар бир адам таштандыны туура таштап, айланасын ой келди булгабай, өзүн маданияттуу алып жүрсө шаарыбыз башка Өнүккөн мамлекеттердеги шаарлардай  таза болоору бышык. Өнүккөн өлкөлөрдө таштандыны туура эмес таштагандар, айланасын обу жок булгагандар, ал турсун  өзүн маданиятсыз коомдук жайда алып жүргөндөр  полиция тарабынан катуу көзөмөлдөнүп, административдик жана тартиптик жазага тартылышат. Эртеден кечке шаардагы таштандыны ташып иштеген менен ар бир адам, таштандыны каалагандай ыргытып, айланасын булгаса робот койсоң да тазалап бүтө албайт экени белгилүү го. Канча жылдан бери тажрыйба катары колдонулуп келе жаткан “ишембилик” өткөрүү ыкмасы өз жыйынтыгын бере албады. Ток этер жерин айтканда, “Сен таза болсоң, мен таза болсом, шаар таза болот!” – деген мазмунда жазылган эрежеге баш ийсек деген максатыбыз бар.

Калкыбыз да шаар таза, кенен болсо дешет

 Шаарыбыздын борбордук бөлүгүндө автоунаалар токтоочу  жайларды  дислокациялоо, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордун кыймылын жакшыртуу, жүргүнчүлөр менен шаар калкынын жол жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында  бир топ иш чаралар аткарылды. Шаар эли менен жолугушуу учурларда, эгерде биз  абаттоо эрежесин мыйзамдаштырсак, убагында мамлекеттин чоң-чоң ишканасын менчиктештирип алган кээ бир ишкерлер, айланасын тазалагысы келбестен, он-он беш адамын кыйкыртып митинг уюштуруп, жумушубузга жолтоо болушу мүмкүн экенин да айттык. Элдер андай маселе болсо, өзүбүз аксакалдар, жаштар, коомчулук барып тартипке чакырабыз деп жатышат. Демек, алар бизге ишеним артып жатышат. Жакында эле борбордук Ленин көчөсүндөгү автоунаа тыгынынан арылдык. Жаңы курулган “асма көпүрө”  менен  тосмолорду сындашып,  тосмолорду бузабыз дегендер да болду. Ошондой учурларда коомчулук активдүү катышып, таксисттерге да ишкерлерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп. Эми баардыгы ордуна келе баштады. Шаарыбыздын борбордук Ленин көчөсүнүн базардын айланасындагы бөлүгүндө кыйма-чийме эл менен аралашып өтүп жаткан автоунаалар, жол жээктери автоунаа коюучу жайга айланган, каз катар тизилген автоунаалардан бул айланада баш аламандык орун алып турчу. Баардык тоскоолдуктар артта калып Ленин көчөсү бош, даңгыр, кенен жол болуп элге кызмат кылууда.

Каржы маселелери

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин “2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы” деп жарыяланган  Жарлыгын ишке ашыруу максатында шаар бюджетинин киреше булактарын көбөйтүү жана чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу аракетин көрүүдөбүз. Бул багытта шаардын реалдуу секторунун абалы боюнча мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча практикалык иш чараларды турмушка ашырууну, көмүскө ишкердиктин бетин ачуу боюнча иш алып барууну мерчемдеп жатабыз.

Ошондой эле 2015-2020-жылдарга шаарыбыздын инвестициялык программасын иштеп чыгуу, чет элдик донордук уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу, шаардын ар түрдүү тармактарына  грант жана инвестицияларды тартуу иштерин алып барууну колго алуудабыз. Жалал-Абад шаары өлкөбүздүн чоң шаарларынын катарында турат жана өндүрүштүк мекеме, иш каналары тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмү област боюнча  24% түзөт б.а. 3 млрд. 212 млн. 550 миң сомдук продукцияны түзөт.  Бирок, көйгөйлөрү да арбын токтоп турган ишканалардын өндүрүшүн жандандыруу боюнча иш алып барууда Өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган маселелер бар. Өткөн 2014-жылдагыга салыштырмалуу курулуш иштери үч эсеге быйыл көп курулушу күтүлүүдө. Шаардык бюджет бекилгенден кийин тиешелүү тармактар өз милдеттерин аткара баштайт, өткөн жылы тендерлер туура эмес өткөрүлгөн деген айып тагылууда. Ошондой мыйзам бузуучулукка жол бербестен, ачык, так жана сырттан байкоочулардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын “Сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык иш алып барууну талап коюудабыз. Ошондой эле, быйыл шаарыбызда жайгашкан “Курманбек” атындагы борбордук стадиону өткөн кылымдын 70-жылдарына чейин, б.а. совет мезгилинде курулуп толук бүткөрүлбөй калып кеткен экен. Учурда авариалык абалга келген, бул беш миңден сегиз миңге чейин адам бата турган стадион област боюнча да жалгыз экенин эске алып кайрадан реконструкциялоо багытында долборлоо иштери жүрүп жатат.

Шаарга караштуу Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалык айыл тибинде болгондуктан, жазгы талаа иштерин уюшкандыкта, сапаттуу жана өз убагында өткөрүүнү колго алуудабыз.

 Суу тармагы жаңыланат

 Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен экономикалык мамилелер боюнча Швейцария мамлекеттик секретариаты (SECO)  тарабынан 8 млн. 22миң евро суммасында каржыланып жаткан “Жалал-Абад шаарын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо”  жана 9 млн. 550 миң АКШ доллары каражатын түзгөн Азия Өнүктүрүү банкы каржылап жаткан  “Жалал-Абад шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын жакшыртуу” долбоорлору ишке ашырылууда. Бул багытта шаар мэриясынын буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиян тарабынан реконструкциялана турган көчөлөрдөгү коммуникацияларды изилдеп чыгып өз корутундуларын даярдап, Жалал-Абад шаарынын архитектура башкармалыгы 84 көчөгө инженердик техникалык шарттарды иштеп чыкты. Курулушту февраль айынын экинчи декадасынан баштоо үчүн керектүү болгон уруксаттар алынып геодезиялык разбивка жүргүзүлүп кум ташылууда. Ошондой эле, Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун эсебинен  “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына 3 атайын техника жана Швейцария мамлекеттик секретарияты (SECO) тарабынан берилип жаткан гранттын эсебинен 3 атайын техникалар сатылып берилип иштетилип жатат.

Ал эми, Азия  Өнүктүрүү банкы аркылуу ишке ашып жаткан долбоор боюнча Жалал-Абад шаарында орун алган суу менен камсыз кылуу системасын кеңейтүүгө жана суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын жакшыртуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын тургундары үчүн жакшы тазаланган суу менен камсыз кылуунун ишенимдүү системасы аркылуу камсыздоо, суу бөлүп берүү системасын жакшыртууга багытталууда. Долбоор Жалал-Абад шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн аймагында ишке ашырылат.

Биздин милдетибиз белгиленген иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен шаардыктардын жашоо-турмушун жеңилдетүү болгондуктан, дайыма элдин жакшыртууга аракеттенебиз.

Даярдаган Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад шаары