Кытайда тоо-кен корпорациясынын мурдагы башчысы, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Лю Хан өлүм жазасына тартылды. Аны менен кошо инисине жана үзөңгүлөш үч жолдошуна да катаал жаза колдонулду.

Кытайда коррупция менен күрөш эки жарым жыл мурда Си Цзинпин бийликке келгенден кийин күчөтүлгөн.

Кытайда коррупция менен күрөш эки жарым жыл мурда Си Цзинпин бийликке келгенден кийин күчөтүлгөн.

 Алар мафия тибиндеги кылмыштуу топту түзгөн, мыйзамсыз финансылык операцияларды жүргүзүп, кумар оюндарын уюштурган деп айыпталды. Лю Хандын бардык иштерин Кытай Компартиясынын Саясий бюросунун мурдагы мүчөсү, 2013-жылы өмүр бою абакка кесилген Бо Силай калкалап жүргөнү айтылат.

Кытайдын борбордук телеберүүсү (CCTV) маалымдагандай, Сянин шаардык соту 48 жаштагы Лю Ханды, анын бир тууган инисин жана алардын үч шеригин 9-февралда өлүм жазасына тартты. Былтыр майда орто инстанциядагы аталган сот аларды мафиячыл кылмыш тобун түзгөн, адамдарды өлтүргөн, мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган деп айыптап, жогорку жазага өкүм кылган эле. “Мыйзамга ылайык, бешөө өлүм жазасына тартылар алдында жакын туугандары менен көрүштү”, деп айтылды жаңылыкта.

Өкмөттүк “Синхуа” агенттигинин маалымдашынча, мафиянын беш башчысынан башка беш адам да өлүм жазасына тартылган. Бирок алардын өкүмү эки жылдан кийин аткарылат. Төрт адам өмүр бою абакка кесилсе, 22 адам түрдүү мөөнөткө соттолгон. Алар орто инстанциядагы соттун өкүмү чыккандан кийин Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылып, бирок тескери жооп алышкан.

Миллиардер Лю ХанМиллиардер Лю Хан

Лю Хандын дүйнө-мүлкү “Форбс” журналы тарабынан 650 миллион долларга бааланып, Кытайдагы эң бай 1000 адамдын тизмесинде 230- орунда турчу. Ал былтыр мартта камалганга чейин Кытайдын түндүк-батышындагы Сычуан провинциясындагы эң чоң жеке менчик “Ханлун” компаниясын жетектечү. Кытайдын тоо-кен тармагындагы дөө-шаалардын катарына кирген “Ханлун” 2011-жылы эң чоң австралиялык темир өндүрчү фирма – “Сандэнсти” 1 миллиард доллардан көп акчага сатып алуу жараянын баштаган. Ал жараян Лю Хан камалгандан кийин өтөсүнө чыкпай калган.

Өкмөттүк маалымат булактары Лю Ханды Кытай Компартиясынын Саясий бюросунун мурдагы мүчөсү, өз учурунда өлкөнүн мунай тармагын жана күч органдарын көзөмөлдөгөн Чжоу Юнкан канат астына алып, “тырмактууга тептирбегенине” ишаара кылышат. Хан чиновниктерди түрдүү айла-амал менен азгырып бузган соң, аларды өз ыңгайына жараша колдонгон. Борбордук комитеттеги байланышын пайдаланып, Сычуан провинциясына депутат болуп шайланганы жана байлыгын көбөйткөнү айтылат маалыматтарда.

Чжоу Юнкан партиядан куулуп, мамлекетке чыккынчылык кылган жана партиялык кутум уюштурган деп шектелип, декабрда камакка алынган. Ал ошондой эле КПнын Саясий бюросунун мурдагы мүчөсү, болочокто өлкө башкарат делип жүргөн Бо Силайды жөлөп-таяган. Кытайдын чоң шаарларынын бири – Чунциндин партия комитетин жетектеген Бо 2013-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

Миллиардерди буга чейин камалган саясатчы Бо Силай коргоп келгени айтылууда.Миллиардерди буга чейин камалган саясатчы Бо Силай коргоп келгени айтылууда.

Чоң кызматтагы кытай чиновниктерине катар калың капчыктуу бизнесмендин жоопко тартылуусун Дүйшөмбүдөгү “Чыгыш” изилдөө борборунун мүдүрү Музаффар Алимов мыйзамсыз иштерге аралашкан адамдарга каршы күрөш жигердүү жүрүп жатканынын жышаанасы деп билет.

– Коррупция менен күрөшүү Кытайдын азыркы президенти Си Цзинпиндин программасынын башкы бир багыты. Бирок мен өлкөдө коррупция чечилген деп айта албайм. Анткен менен акыркы мезгилде бийик даражалуу адамдардын соттолгону коррупцияга каршы күрөш эффективдүү жүрүп жатканын көрсөтөт.

Серепчи экс-советтик өлкөлөрдө коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт деп саясий өнөктүк кезде айтылса да, аны аткарууга эрк жетпейт же батыл кадамдар жасалбайт деди.

– Орусия, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстанда мындай фактылар жок. Экс-советтик бул өлкөлөрдө кылмыш жасаган чиновниктер менен бай адамдар жоопко тартыларын билсе, өлкөсүн таштап кетет. Аларга чыгып кеткенге мүмкүндүк берилет. Бийликте чечкиндүү кадамга баргандай эрк жок. Мындай көрүнүш Борбор Азия өлкөлөрүндө да абдан популярдуу.

Кытайда коррупция менен күрөш эки жарым жыл мурда Си Цзинпин бийликке келгенден кийин күчөтүлгөн. Быйыл январда эле коррупцияга аралашкан деп шектелип, мамлекеттик коопсуздук министринин орун басары Ма Цзян камалган. Ал Чжоу Юнкандын артынан кызматын жоготкон эң таасирлүү жетекчи болду. 1980-жылы коммунисттик Кытайдын негиздөөчүсү Мао Цзедундун тулу катарындагы “Төрттүн бандасы” деп аталган топ камалгандан берки Чжоунун деңгээлиндеги кылмыш иши өлкөдө болгон эмес эле.