costa-concordia-01

Капитан Лайнера

2012-жылдын январь айында рифке урунуп, чөгүп кеткен Costa Concordia круиздик лайнеринин капитаны Фраческо Скеттино 16 жыл 1 айга абакка кесилди.

Сот кырсыкта каза тапкан 32 адамдын өлүмү үчүн капитанды күнөөлүү деген чечимге келген. Өз айыбын мойнуна алган Фраческо Скеттино: “Менин жашоомду жашоо деп атоого болбойт. Бул кырсык үчүн эч убакта актана албайм”, -деди акыркы сөзүндө.

Атай АЛТЫМЫШЕВ