жолкайгуул

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңеш жыйынында КР Өкмөтү тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Салык кодексине) каралды.

Мыйзам долбоору жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү жагынан ишкердик кылган жеке жактар патентти төлөөсүнүн маселелери боюнча текшерүүгө жана рейддик контролду жүргүзүүгө катышууга укуктарды автомобиль транспорту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана суу транспорт мамлекеттик агенттигине жана КР Ички иштер министрлигинин жол-кайгуул кызматына) берүү аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардан патенттик негизде салыктардын чогултулушун жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын башкалардан айырмалоочу белгисине кайсылар кирерин депутат Роза Акназарова кызыкты. Жол кайгуул кызматынын төрагасы Дьяченко чынында эле автоунаанын такси экенин аныктоо кыйын экенин, себеби, аны айырмалоо боюнча атайын регламентөөчү ченем азыр жоктугун, мындай регламентөөчү ченем өтө зарылдыгын жооптоду. Бул жерде жан багуу аракети менен жүргөн жарандарга жөн эле түйшүк жаратарын айткан депутат Дастан Жумабеков бул маселеде коррупциялык  көрүнүштөргө жол берилбеши үчүн атайын система иштеп чыгууну Өкмөткө сунуштады.

Мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алган депутат Элмира Жумалиеванын пикиринде, аткаруу бийлиги кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча тиешелүү жоболорду кабыл алып, ишке ашырбай жатат. Депутаттардын бир тобу бул маселе боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын алууга үндөдү.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.