Нарында суу түтүктөр нормасынан 2-2,5 эсе көп оңдолууда
2014-жыл ичинде Нарын шаарындагы суу берүүчү түтүкчөлөрдө 37 жолу жарылуулар болгон. Бул тууралуу Нарын суу-канал ишканасынын башкы кабарчысы Айбек Орозобаев билдирди.
-Суу түтүктөр нормага ылайык жылына эки жолуга чейин учурдагы оңдоодон өтө турган болсо, өткөн жылы көпчүлүк түтүктөр 4-5 жолудан жарылгандыгы катталды. Ошол эле учурда суу керектөөчүлөрдүн маданиятынын төмөндүгү да ишибизге кедерги болууда. Алар кудукчалардын капкактарын, суу чорголорду талкалап кетишет. Ал эми канализация системасында 15 жарылуу болуп, 70 жолу тыгын тыгылып калуулар калыбына келтирилди,-дейт А.Орозобаев мырза.
Өткөн жылы ишкана аркылуу шаарга жалпы 1200,0 миң.м3 таза суу берилип, 732,0 миң м3 ыплас суулар тазалоодон өткөрүлгөн. Шаардын муктаждыгына үч суу алуучу жайдан суткасына 7,92 миң м3 суу берилип турат.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары


Leave a Reply