Укмуштуудай китептин чыкканынан кабарыңыз барбы?
Кыргыз –Түрк “Манас” университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн Айзат Таласбаеванын берген маалыматына ылайык, мектеп окуучулары үчүн “Укмуштуудай прогрессия” аталышта математика китеби жарыкка чыкты. Китеп республика боюнча бардык мектептерге акысыз таркатылат. Аталган китепти Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары, профессор Анаркүл Урдалетова жана Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Сыргак Кыдыралиев иштеп чыккан. Аталган китептин орусча варианты бир жыл мурун жарыкка чыгып, шаардык китеп дүкөндөрүнө сатыкка коюлган. Авторлор китепти айыл мектеп окуучуларына ыңгайлаштырып, кыргыз тилинде жеткирүүнү максат кылышкан. Ал эми Кыргыз Мамлекеттик Университетинин доценти Баатыр Дуулатов кыргызчага которуп берген. “Республикада 2000ден ашуун мектеп бар. Ошолордун жок дегенде ар бирине бирден жетсин деген максатта 2000 нуска чыгардык. Аны Кыргыз-Түрк “ Манас” университети басып чыгарды. Китептеги мисалдардын бардыгы автордук мисалдар практикага, турмушка байланыштырылган,-дейт авторлордун бири А.Урдалетова. Бул китептин пайда болуу себеби, 2012-2013-окуу жылында мектеп олимпиадасы КТМУнун базасында өтүп, натыйжада эң мыкты деп табылган окуучулар практика менен байланышкан эң жөнөкөй маселелерди чыгара албай калышкан. Ошол эле учурда татаал математикалык формулалык маселелерди оңой чыгарып, бирок анын турмушта пайдалануу зарылдыгын жана эмнеге керектигин билбеген балдар болгон. Ошондон улам олимпиаданын жыйынтыгы авторлорду китеп жазууга түрткү болгон. Чындыгында математика сабагы абдан татаал болуп эсептелет. Сабактын татаалдыгы окуткан мугалимге байланыштуу. Андыктан китепте айрым учурда татаал, бирок жөнөкөй, практикада колдонулган, ал тургай ойноп жатып үйрөнүүгө мүмкүн болгон жана 1-2 –класстын балдары үйрөнүүчү маселелер камтылган. Өлкөбүздө математика гана эмес, башка предметтер боюнча айталык, жандуу биология, жандуу химия ж.б. китептер кыргыз тилинде жокко эсе. Негизинен аларды которуп деле окутсак болот, бирок алар, мисалы, Американын же Россиянын практикасына таянып жазылгандыктан, биздин балдарды окутууда кыйынчылыктар жаралып калууда. Ошондуктан бул китепке жалаң биздин турмуштук практикага таянып жазылган мисалдар пайдаланылды. Китептеги мисалдар апробациядан өткөрүлүп ага жараша оңдолуп чыккан. Негизинен апробацияны КРнын Эл мугалими Ж.Озубекова баш болгон бир катар мугалимдер өздөрү иштеген мектептерде өткөрүшкөн,-дейт А.Урдалетова.
Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА


Leave a Reply