көл1

 Балык улоо үчүн кетип, ошол боюнча дайынсыз болуп жаткан Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын тургундарын издөө иштери бүгүн, 1-декабрда да улантылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-ноябрда саат 15:00 чамасында Көлгө балык уулоо үчүн кеткен Чоң-Өрүктү айылынын Тарыхчы көчөсүндөгү №37 үйдүн тургуну, 48 жаштагы Ашыров Эмил Касымбаевич жана ушул эле айылдын Жаңы конуш тилкесинин тургуну, 47 жаштагы Алмабеков Ишен Айылчиевич кайра кайтып келген эмес.

Аларды издөө иштери ӨКМдин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана айыл өкмөттүн туугандары тарабынан жүргүзүлүп, натыйжа чыккан эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат.