Балыкчы-Каракол жолунун 15-чакырымында «Тойота» менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 2 адам каза болду жана жабырлануучулар бар
Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун аймагында болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 29-ноябрда саат 17:00 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 15-чакырымында «Тойота-Аллион» (мамлекеттик номуру I 01-46 AS) үлгүсүндөгү унаасы менен «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы кагылышкан.
Окуя болгон жерге барган ӨКМдин №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаага кыпчылып (кырсыкка учураган унаага) каза болгон 2 жаранды чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган 2 адам тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Булак : Баракелде


Leave a Reply