Ырчы Саламат Садыкованын батиринен белгисиз бирөөлөр 30 миң АКШ долларын уурдап кетишкендигин бүгүн, 4-ноябрда АКИрress агенттигине укук коргоо органдарындагы булактар маалымдашты.

2-декабрда катталган кылмыштуу окуяны Бишкек ШИИББ тастыктады.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча 2-декабрда С.Садыкова эрте менен жумушка кеткен. Саат 14:39да келген кезде эшигинин кулпусу сындырылгандыгын көргөн.

«Ал батирге кирип уктоочу бөлмөдөгү эмерекке катылган 30 миң АКШ доллары жоголгондугун көргөн»,- деп билдиришти башкармалыктан.

Бишкек ШИИББден бүгүнкү күндө кызматкерлер иликтөө жүргүзүп жана аталган кылмышты жасагандарды аныктоо аракеттерин көрүп жаткандыгын белгилешти.

Саламат Садыкова — Кыргызстандын жана Казакстандын эл артисти. Фольклордук ырчы.