Валентина Матвиенко:«Россия тарап Камбар-Ата ГЭС-1ди курууну тездетүү зарыл”
Россиялык тарап Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча долбоорду тездетиши зарыл, -деп билдирди Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Бишкекте Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуудан кийин. “Кыргыз-орус мамилелеринде сууэнергетикалык объекттерди куруу маселеси артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Бул жөн гана жакшы ниет эмес, жүзөгө ашчу иш. Бүгүнкү күндө Жогорку Нарын каскад ГЭСтерин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу башталды. Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун баштоо бир аз кечигип жатат. Мында жер аянтын бөлүү жана бул долбоорлорду ишке ашыруунун укуктук негиздери сыяктуу тез арада чечүүнү талап кылган маселелер бар. Ошондой эле россиялык тараптан, “РусГидронун” дагы ишти тездетиши зарыл”,-деп белгиледи ал. Тазабектин билдирүүсүндө Валентина Матвиенко 25-ноябрда ведомстволор аралык комиссияда келишимдер жана сууэнергетикалык долбоорлордун аткарылышынын так мөөнөтү бекитилээрин да кошумчалаган.
Маалымат иретинде айта кетсек, 2012-жылы 20-сентябрда Россия Федерациясы менен Кыргызстандын ортосунда Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана ишке киргизүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Макулдашууга ылайык Россия тараптан ыйгарымдуу уюм катары “ИНТЕР РАО ЕЭС” ААКсы жана Кыргызстан тараптан ыйгарымдуу уюм катары “Электрстанциялары” ААКсынын ар бири долбоорду ишке ашыруучу “Камбар-Ата ГЭС-1” ЖАКнын капиталынан 50%дан ээлик кылат. Долбоорду ишке ашыруунун шарттары жана графиги техника-экономикалык негиздеме менен бекитилген.
Бегим Турдалиева


Leave a Reply