самбо

самбо1

25-26-октябрда Чүй облусунун Ленинское айылында өспүрүмдөр арасындагы самбо боюнча республикалык деңгээлде турнир болуп өттү. Иш-чара СССРдин спорт чеберлери Хасан Махаев, Таалайбек Шаршенов жана Таалай Жуманалиевдин элесине арналган.

Ага 2000-2002-жылдары туулган Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 200дөн ашык самбист катышты. Спортчулар салмак категориясынын 9 түрү боюнча күч сынашты.

Самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев: “Белгилүү спорт чеберлери өлкө намысы үчүн күрөшүп, жергебиздин желегин бийик көтөрүп, жеңиштерге жетишишкен. Жаштарыбыз аларды унутпай, алар менен сыймыктанышы керек”,- деди.

Мелдешке конок катары келген Дүйнө чемпиондуктарынын жеңүүчүлөрү Жамалбек Асылбек уулу, Дөөлөт Садыркулов жана жаш чемпион-самбист Тилек Аманкулов мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди жана келечектеги жеңиштерди каалап кетти.

Турнирдин жеңүүчүлөрү кубок, медаль, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Булак: super.kg