P1620046 туз бай

Кыргызстандын курулуш тармагын тескеген Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов өткөн аптада “Эркин Тоонун” түз байланышы аркылуу гезит окурмандарынын бир катар суроолоруна жооп кайтарды.

 -Биздин негизги милдет курулуш, архитектура, коммуналдык чарба жаатында мамлекеттин саясатын жүргүзүү. Нормативдик документтерди даярдоо, Генпландарды түздүрүү жана башка көп милдеттер биздин агенттикке жүктөлгөн, анын баары агенттиктин жобосунда такталган. Андан тышкары капиталдык курулуштарды жүргүзүүгө башкы заказчынын функциясы берилген. Чүй областын албаганда ар бир областта капиталдык курулуштар боюнча башкармалыктарыбыз бар. Кыргызстанда колдонулуп жаткан курулуш материалдарына сертификаттарды да лабораториялык корутундулардын негизинде биз беребиз. Ошондой эле долбоордук сметалык документтерге экспертиза жүргүзүп, сапатына корутунду чыгаруу да биздин милдетибиз”,-деп Турдубек Мамбетович түз байланыш алдында кыскача маалымат да берүүгө үлгүрдү.

Бактыбек Турдумат уулу, Кара-Балта шаарынан:

-Бишкектин генпланы барбы? Эгер мүмкүн болсо Кара-Балтаныкы тууралуу да айта кетсеңиз?

-Бишкектин генпланы 2006-жылы Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Бул шаар курулушунун эң башкы документи болуп эсептелет. Генпландын негизинде деталдуу пландоо долбоору (ПДП) түзүлөт. 2007-жылы баш калаабыздын түштүк тарабына, Орто-Сайды карай 750 гектар аянтка мэрия долбоор түзүп, шаардык Кеңеште жактырылган. Тилекке каршы, ошондон башка бир дагы ПДП жасалган жок. Былтыр долбоор даярдагыла деп Бишкек шаардык Кеңеши 20 млн. сом бөлгөн. Бирок, эч бир жумуш жасалбай калды. Быйыл 10 миллион сом каралып, азыр шаардын борбордук бөлүгүнө ПДП даярдап жатышат. Борбордук көчөлөргө талап жогору болуш керек. Ошондуктан, архитектурасы заманга шайкеш келгидей кыласыңар деп кайра-кайра эскертип жатабыз. Сынактарды өткөргүлө, кооз имараттар түшсүн деген саясат жүргүзүүдөбүз.

Ал эми Кара-Балта шаары тууралуу айтсам, генпланы бар. Мунай иштетүүчү завод курулганда бир аз ызы-чуу болду. Бирок, генпланы бузулуп жатат деген дооматтар айтылган жок. Генпланына убак-убагы менен түзөтүүлөр киргизилип турат.

-Сиз жетектеген мекемеде коррупция барбы?

-Курулуш тармагы коррупциялашкан деп мамлекеттик 8 органдын арасында кара тизмедебиз. Азыр ага каршы күрөшүү максатында эки чоң программа кабыл алдык. Коррупцияга каршы кызмат менен биргеликте иштеп жатабыз. Өзүбүздүн мекемеде комиссия түзүп, агенттикке сын айтып жүргөн Эрик Рыскулбеков деген жигитти жетекчи, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн мүчө кылдык. Аткарылган иштер тууралуу квартал сайын Коргоо кеңешине отчёт беребиз. Бирок, коррупцияны орду түбү менен жок кылабыз деп айтыш кыйын. Коррупцияга каршы күрөшөм деп душмандарым да көбөйүп жатат.

-Азыр курулуш тармагындагы ахыбал кандай?

-Кудай буйруса жакшы. Премьер-министр да “курулуш тармагы экономиканын локомотиви” деп айтпадыбы. Бирок, азыр энергетикага байланышкан көйгөй көкүрөктү өйүп турат. Энергетиктер 3 фазалуу линиялар өчүрүлөт дегенден кийин, министрине кирип жагдайды түшүндүрдүм. Лимиттен ашсаңар жогорулатылган тариф менен төлөйсүңөр дейт. Курулушчулардын баары макул болушту. Себеби, курулуш кышында да токтобошу керек.

Канышай, Ак-Босого жаңы конушунан:

Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн ипотекага квартира алуунун кандай ыңгайлуу жолдору бар?

-Кыргызстанда ипотека системасын жолго коё албай жатабыз. Себеби, мамлекетте узак мөөнөткө бере турган акча жок. Бирок, курулуш фирмалары менен келишим түзүп, үлүштүк негизде үй сатып алууга болот. Азыр үйлөрдүн баасы мурдагыга караганда түшө баштады. Кичирайондордо азыр чарчы метри 600-700 долларлык үйлөрдү алса болот. Президентибиз ипотеканы өнүктүрүүгө 100 млн. доллар таап берейин деп айтты. Буйруса жандануу болот.

Талант Мамытов,Бишкектен:

Турдубек Мамбетович, мен өзү оштукмун. Бирок, Москвада турам. Ошто көп кабаттуу үйлөр курулуп жатабы?

-Ошто акыркы жолу качан болдуңуз эле?

-3 жыл мурда…

-Анда сизди кубандырып коёюн. Былтыр Ош шаарында 16 кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Азыр экинчиси тургузулуп жатат. Андан тышкары 9, 12 кабаттуу 14 үй курулууда. А эми Бишкекте азыр 170тей көп кабаттуу үй курулууда. Көбүнчөсү 9, 12 кабаттуу. 18, 24 кабаттуу үйлөрдү курабыз деген сунуштар түшүүдө.

Бишкекте Ошко караганда, жер кыртышы жакшы. 30 кабатка чейин курса болот. Бирок, биз Бишкекте 24, Ошто 16га чейин уруксат берели деп жатабыз. Жыл соңуна чейин Оштун да генпланын бекитип беребиз.

-Негизи генплан канча жылга түзүлөт?

-Айылдардыкы 10 жылга, шаарлардыкы 25 жылдан 40 жылга чейин түзүлөт. Быйыл шаар куруу жана архитектура боюнча түрк тилдүү мамлекеттер Бишкекте курултай өткөрдүк. ТҮРКСОЙдун алдында биздин Архитекторлор союзундай болгон ассоциациясы бар экен. Бишкектин 2040-жылга чейинки генпланын түзгүлө деп 150 миң доллар бөлүштү. Сынак өткөрүлүп, ага 21 долбоор катышты. Азербайжан, Орусия, Казакстан, Түркия өкүлдөрү катышкан сынакта биринчи орунду Кыргызстан ээлеп, 70 миң доллар берилди.

 “Эркин Тоо”:

-Жакшы маалыматтарды айтып жатасыз, Турдубек Мамбетович. Бир эле Бишкек жөнүндө айта бербей, айылдар тууралуу да кошумчалай кетсеңиз?

-Айылдардын генпланы 10 жылга түзүлөт деп жогоруда айтпадымбы. Тээтиги Ат-Башыда өткөн кылымдын 60-жылдары түзүлгөн генпланы бар. Аны жаңыртууну ойлогон киши жок. Быйыл Кыргызстандын канча айылында генплан бар деп инвентаризация жасаттык, 1819 калктуу пункттун 660ында генплан жок, 903үнүкү эскирген. 257синики гана колго аларлык генпландары бар экен. Сиз бул суроону туура берип жатасыз. Генплан түздүрүү айыл өкмөттөрүнүн негизги милдети. Элдин пикирин угуп, айылдык кеңеште талкуулап, анын акча бөлдүрүп, лицензиясы бар мекемелерге генплан жасатыш керек. Айылда генплан боюнча иш аткарылып жатабы же жокпу, аны айылдык кеңеш жана эл көзөмөлдөшү керек. Себеби, генпланда мектепке, бала бакчага, дагы бир башка социалдык объектиге деп орун калтырып коюп, акырындык менен сатып жиберген фактылар көп.

Маселен, Бишкектин Көк-Жар конушунда 13 бала бакча, 3 мектеп болуш керек эле. 1 эле мектеп салынды. Калгандарына бөлүнгөн жерлер сатылып кеткен.

Маматаалы,Бишкектен:

Бишкектин Совет-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде шаардын көркүн бузуп, бүтпөгөн бир курулуш турат. Ал кимдики? Дегеле, азыр курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты кандай?

-Ал токтоп турган курулуштун ээси ким экендигин так айталбайм. Албетте, ал сыяктуу бүтпөй калган же начар курулган ар бир объектилердин кожоюндары бар. Азыр ар бир чарчы жер менчиктештирилген. Бош туруп калган жерлер муниципалдык менчикте болот.

Эми курулуштардын сапаты жөнүндө айтсам, азыр жалпы эле Кыргызстанда, өзгөчө Бишкекте көп имараттар курулуп жатат. Мында менин салымым азыраак. Анткени, бул кызматка жакында эле дайындалдым. Ошондуктан, мен келгени курулушта бурулуш бар десем туура эмес болот.

Бирок, өзүңүз айткандай борбордук көчөлөрдүн көркүн бузган имараттар болбосун, бош орундарга сынак өткөргүлө, шаар куруу Кеңешинде жакшылап талкуулагыла, кооз, заманбап объектилер түшсүн деген талапты коюп жатам.

-Үйлөрдүн баасы арзандашы мүмкүнбү?

-Азыр үйлөрдүн баасын рынок өзү жөнгө салат. Көбүрөөк курулса, албетте арзандайт. Мына, Астанада байларга деп салган үйлөрдү эч ким албай, каңгырап бош турат, кымбаттыгынан. Акыркы мезгилде 250 чарчы метрлик элиталык квартиралардын ордуна ишкерлер 100, 80 чарчы метрлик эконом класстагы үч, эки бөлмөлүү квартиралары бар үйлөрдү сала башташты. Себеби, алар элдин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн да байкашат. Тилекке каршы, бюджеттик кызматта иштегендер үчүн арзан турак үйлөрдү жетиштүү куралбай жатабыз. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн Президентибиз акча таап берип, кудай буйруса үйлөр салынганы жатат. Бирок, мындай үйлөрдү, мектептерди жана бала бакчаларды курууга чакырсаң бутуна туруп калган фирмалар жаа бою качышат, анткени алар курулуштан кийинки жүздөгөн текшерүүлөрдү баштарынан өткөрүшкөн…

 Алтынай, мугалим, Арча-Бешиктен:

“Жал Артистеги” үйлөр сейсмикалык талаптарга жооп береби?

-Ооба, жооп берет. Району жакшы деп эле албаса, квартиралардын баасы кымбат. Чарчы метри 1500 доллар экен. Кожоюндары ипотека ыкмасы менен сатууга аракет кылып жатышкандай. Бирок, 30%ын адегенде, калганын акырындык менен дегени деле кымбатка турат.

-Планировкасы начар дешет, архитектурасын көзөмөлдөбөйсүздөрбү?

-Бишкекте 170 көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. “Жал Артистики” жакпаса башка райондордон тандап, сатып алса болот да. Ырас, буларга жер бөлүнгөндө, Кыргыз өкмөтү 1,2 бөлмөлүү 400 социалдык квартира бересиңер деген шарт койгон. Алар 112 эле квартира беришти. Ошондуктан, “салсаңар салгыла, болбосо жерди кайтаргыла” деген маселени кабыргасынан койгону турабыз.

-Азыр курулуп жаткан үйлөрдүн жанына машина батпайт. Алар үчүн атайын орун болушу керекпи?

-Мурдагы нормалар боюнча турак үйлөрдүн жер төлөсүнө автогараж курууга уруксат жок болуучу. Маселен, 100 квартиралуу үйдүн алдына 30 машинага эсептеп эле орун калтырылуучу. Автомашиналардын азыркыдай тез көбөйүп кетээрин эч ким ойлогон эмес. Ошондуктан, азыр үйлөрдүн алдына автомашина токтоочу жайлар кошо курулуп жатат жана нормаларга ылайык жер төлөсүнө машина коюлса, биринчи кабаты дүкөн же офис болсун, квартиралар экинчи кабаттан башталсын деген талап коюлду.

-Көчөлөрдөгү тыгын маселесин чечүүнү ойлонуштуруп жатасыздарбы? Экология бузулду го…

-Тыгын маселеси Бишкекте чоң көйгөйгө айланды. Аяк-башы туюк көчөлөрдү ачып, узартышыбыз керек. Бирок, маселе ошону менен чечилип калбайт. Машинелерди баары жабыла минип албай, бир күнү жуп сандуу, экинчи күнү жуп эмес сандуу номери бар автомашиналар чыкса бир топ жеңилдик болоор эле. Дүйнөдө мындай тажрыйба көп колдонулат. Экологияны туура айтып жатасыз. 10, 20 жыл болгон машинелерди шаарга киргизбеш керек. Мэрия акча таап, троллейбустарды көбүрөөк жүргүзүп, маршруткаларды шаардын сыртына чыгарыш керек.

-Кыргызстанга келип жаткан курулуш материалдардын сапаты жакшыбы?

-Өзүбүздүн кум, таш сыяктуу инерттүү материалдарыбыз кудайга шүгүр, жетишет. Жасалга материалдар боюнча түрктөр менен кытайларга атаандаш болуу кыйын. Ошондуктан, алардыкын алып келе беришибиз керек.

-Өзүңүз курулушчусузбу?

-Ооба. 37 жылдан бери курулуш тармагында иштеп келатам. Бабановдун тушунда мени орун басарлык кызматтан бошотуп, ордума зоотехникти коюшкан. Бардык тепкичтерди басып өттүм. Эмгек сиңирген куруучумун. Эки жолу шаардык Кеңештин депутаты болгонмун. Эки жолу Мамагенттиктин директоруна орун басар болуп иштедим.

“Эркин Тоо”:

-Бишкекте жердин баасы канча болуп жатканын айта аласызбы?

-Борбордук бөлүктө 1 сотых жер 50 миң долларга жетет. Азыр бааны рынок чечет. Мамлекет үчүн ала турган болсок рынок баасы менен гана алабыз, албетте көз карандысыз баалоочулардын корутундусунун негизинде.

Орозбек, Бишкектен:

Курулуш тармагына сиздей адис адамдын жетекчиликке келгени жакшы болду…

-Орозбек байке, Сизге рахмат! Бирок, карып калдыңыз, жаштарга орун бошот дегендер чыгып жатпайбы. Мен 59дамын. Пенсияга жашым жетсе мен деле жаштарга орун берем деп айтып жүрөм. “Шашпагыла, иштегиле, өзүңөрдү көрсөткүлө” деп аппараттык жыйында деле айтып жатам. “Иштесеңер эл көрөт, Президент, Премьер-министр көрөт”-деп. Бирөө угат экен, бирөө укпайт экен. Айрымдар дагы эле акча же тааныштык аркылуу бирөөлөрдүн ордуларына чуркап жүрүшөт. Менин оюмча ал убак артта калды.

Асан, Бишкектен:

Эгер шаардын чет жакасында болсо, тротуарга тоскоолдук кылбаса, көп кабаттуу үйдүн балкону тараптан кеңейтип куруп алса болобу?

– Бул маселе боюнча архитектура башкармалыктарына кайрылуу керек. Болоор болбосун ошолор аныктап берет. Негизи, тыюу салынат. Баарысы эле балкондорун тешип буза баштаса, үйлөрдүн сейсмотуруктуулугу азаят. Анан калса, эгер сатып же банктан кредит алам деп калсаңыз проблема жаралышы мүмкүн. Себеби, техпаспортко дал келбей калат.

-Бишкекте үйлөр көп салынып жатат. Бирок, улуттук колорит деген сезилбейт. Бул жагына эмне үчүн көңүл бурулбайт.

-Азыр үйлөрдү сары таш, мрамор, гранит менен жасалгалап жатышат. Акчасы барлар кымбатына карабай үйдү коозураак курууга аракеттенишүүдө. Эми улуттук өзгөчөлүк сезилбей жатканы анык. Мунун үстүндө иштешибиз керек.

-“Эркин Тоо”:

-Жаңы конуштардын дээрлигинде канализация жок экендиги белгилүү. Ушул маселени жер бергенге чейин ойлонуштуруп чечсе болбойт беле?

-Болмок. Бирок, ага жеткирбей жерлерди басып алышпадыбы. Адегенде 4, анан 8, кийин 17, ошентип акыры 50гө жетти. Азыр да жер басып алсак деген аракеттер токтобой жатат. Жерди талатууга макул болгон мурдагы мамлекет жетекчилери жакшылап ойлонуш керек эле. Жерди кой, “балык башынан сасыйт” дегендей, шайлоолордо “этин же арагын ич, акчасын ал да каалаган кишиңе сал” деп акыл үйрөтүшпөдүбү. Жер басып алуу деген “илдет” Кыргызстанда гана бар.

-Сиз жетекчи болуп келгенге чейин Агенттиктин дарегине көп сындар айтылган. Маселен, стратегиясы, программасы жок деген сыяктуу…

-Жетекчиликке дайындашканда курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык план кабыл алыш керек деген милдет жүктөлгөн. “Курулуш комплексин өнүктүрүүнүн Стратегиясы” деген чоң программаны даярдап, эки жума мурда өкмөткө сунуштадык. Турак жай жана коммуналдык чарба боюнча буга чейин эч кандай пландуу иш аткарылган эмес экен. 2014-2017-жылдарга эсептелген жаңы мамлекеттик программа даярдалды. Анын кандайча жүзөгө ашырылаары да көрсөтүлдү. Мындан тышкары республикабыздын аймактарын өнүктүрүү боюнча генералдык схемаларды түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Приоритеттүү деп Ысык-Көл аймагын өнүктүрүүнүн генералдык схемасын даярдадык. Ал дагы Өкмөттө жактырылды.

Айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча Департамент түзүлүп, эки жылдан бери биздин карамагыбызга берилген. Департамент таза суу боюнча 2014-2024-жылдарга эсептелген 10 жылдык программа иштеп чыгып, Өкмөттө бекитилди. Аны чет элдик донорлор каржылайт. 10 жыл аралыгында 395 айыл таза суу менен камсыздалат…

-Турдубек Мамбетович, аргументтүү жоопторуңуз үчүн рахмат! Келерки кездешкенге чейин бар болуңуз.

Түз байланышты алып барган Атай Алтымышев