букмекер1

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын резервдери 1 млрд 943 млн долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин Экономика жана фиксалдык саясат боюнча отурумунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө улуттук валютаны колдоо үчүн резервдер жетиштүү. «Кечээ жана бүгүн басым болгону байкалып жатат. Бул психологиялык факторлор менен байланыштуу. Валюталык базарда ызы-чуу болуп жатат. Бирок коркунучтуу эч нерсе жок. Улуттук банк бүгүн интервенция менен чыкканы турат. Жагдай көзөмөлдө. Резерв жетиштүү. Эгер статистиканы алсак, анда ар бир январь-февралда чет элдик акчага мезгилдик өсүү жүрөт. Биздин ишкерлер даярданып жатышат. Буга байланыштуу суроо-талап жогорулап жатат. Улуттук банк базардагы жагдайды тууралаганга даяр», – деди ал.

Абдыгулов депутат Замир Бекбоевдин («Ар-Намыс»), рублдин баасынын түшүүсү сомго карата таасир бериши мүмкүндүгү жөнүндөгү суроосуна жооп берип жатып, сомдун башка чет элдик валютага байланып калышы үчүн эч кандай объективдүү себеп жок экендигин айтты.

Улуттук банктын жетекчисинин айтымында, банктыксистемада 290 млн доллар бар жана сомдун башка чет элдик валюталарга байланып калышына шылтоо жок.«Мен ызы-чууга алдырбоо керектиги боюнча бир нече жолу кайрылгам. Ноябрь-декабрь ичинде баа туруктуу болду. Бул ички экономикалык факторлор менен байланыштуу», – деди ал.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА