Депутат Ө.Текебаев менен КРнын Россиядагы эмгек мигранттар бирикмесинин төрагасы жолугушту
Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев КРнын Орусиядагы эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмесинин төрагасы Алишер Маданбеков менен жолугушту, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.
Жолугушууда КР Жер кодексине, КР Турак жай кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу тууралуу», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү чараларын көздөгөн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору талкууланды.
А.Маданбеков Орусияда миграциялык көзөмөл күчөтүлгөндүктөн, эмгек мигранттары көптөгөн тоскоолдуктарга кабылып, көпчүлүк учурда алардын укуктары корголбой калып жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр Орусияда башка өлкөнүн жарандыгын албаган 450 миӊден ашуун кыргыз эмгек мигранты бар.
Ошондой эле А.Маданбековдун пикиринде, эгер бул мыйзам долбоору көӊүл сыртында калса, анда өз өлкөсүнө кайтып келген эмгек мигранттары мамлекеттик кызматта иштей албайт. «Эмгек мигранттары да биздин жаран экенин унутпашыбыз керек. Алардын көйгөйүн биргелешип чечүү зарыл. Тилекке каршы, айрым саясатчылар өз жарандарына жакындан жардам бергиси келбейт», – деди ал. Депутат Ө.Текебаев бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттарынын укуктарынын корголушуна шарт түзүлө турганын белгиледи.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply