Элина

«Курманжан Датка» тарыхый тасмасы Американын Палм-Спрингс шаарында Best of the Best аталышындагы эл аралык кинофестивалдын тизмесине кирди. Фестивалдын алкагында «Курманжан Датка» тасмасы 3 ирээт: 6-8-январда жана 12-январда көрсөтүлдү. Акыркы көрсөтүүдө Best of the Best эл аралык кинофестивалынын тизмесине кирген тасмалар тааныштырылды. 2-январдан 12-январга чейин өткөн фестивалда кыргыз тасмасын режиссеру Садык Шер-Нияз менен актриса Элина Абай кызы тааныштырды.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА