Нарын шаарында суу алуучу жайлар кооптуу абалда
Мындай маалыматты Нарын суу-канал ишканасынын кабарчысы Ашыр Мамбетов билдирди.
-Бизди кудай эле сактап жатат. Суу алуучу жайлар деген өзгөчө кайтарылуучу жайларга кирет. Керек десе атайын милиция кызматкерлери карашы зарыл. Каражат тартыш деген саясат менен кийинки жылдары эптеп бир жеке менчик күзөт кызматка кайтартуудабыз. Бирок менимче талапка ылайык кайтаруу жок болууда,-дейт А.Мамбетов мырза. Ишкананын жетекчиси Нурлан Максүталиев ал «ПАУТИНА» аталыштагы атайын уруксат кагазы бар (лицензия) менчик күзөт кызматы экендигин жооп кылды.
-Чынында суу-канал ишканасы чарбалык эсепте тургандыктан каражатты үнөмдөөгө муктаж. Экинчиден ишкананын учурдагы экономикалык абалы өтө оор. Ошондуктан биз быйыл алгачкы жолу жергиликтүү бюджеттин карызын ушул ишканага берели деп жатабыз. 1,5 миллион сом берсек, алар атайын техника алышы зарыл. Ал эми суу алуучу жайларды кайтарууну долбоор жазуу аркылуу чечишибиз керек. Азырынча башка арга жок,-деген жообун берди Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын

Leave a Reply