Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясы боюнча жаңы бааларды коомчулуктун талкуусуна чыгарды. Жаңы тариф жөнүндө айта турган болсок, абоненттер бир айдын ичинде 700 киловатт/сааттан ашык электр энергиясын колдонушса, анда 1 киловатт/саат үчүн 1 сом 20 тыйындан төлөй башташат. Аталган чектен аз колдонгон абоненттерге баа мурункудай эле 70 тыйын боюнча калат.

Ал эми ишканалар, тейлөө жана коммерциялык тармактар үчүн электр энергиянын 1 киловатт/сааты 2 сомдон болоору айтылууда. “Жаңы тарифтик саясаттын долбооруна өлкөбүзгө импорттоло турган электр энергиянын чыгымы да кошулат”,-дейт К.Турдубаев. Учурда 3 фазалуу электр энергиясын пайдалануучуларга карата көрүлүп жаткан чара токтотулду. Аларды калыбына келтирип берүү жумушу бекер жүргүзүлөөрү айтылууда. Тактап кетсек, электр энергиясынын тарифтик саясатынын жаңы долбоору 14-ноябрга чейин коомдук талкууда болот. Андан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынышы күтүлүүдө.

 Коңшулардан электр энергия алабыз

Быйылкы кышта өлкөбүзгө электр энергиясына болгон керектөөнүн жетишсиз бөлүгүн, тактап айтканда 1,5 млрд. киловатт/саат электр энергиясын кошуналардан сатып алабыз. Мунун 500 киловатт/саат энергия акысы 2015-жылы кошуналарга сугат катары берилүүчү суунун эсебинен жабылмакчы. Азырынча импорттоло турган электр энергиянын баасы толук макулдашыла элек. Белгилей кетсек, өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев менен казак Президенти Нурсултан Назарбаевдин Минскдеги жолугушуусунда жогорудагы маселе чечилип, эки өлкөнүн Өкмөт башчыларына тиешелүү жумуштарды аткаруу боюнча тапшырма берилген болчу.

 Күнүмдүк керектөө былтыркыдан 10 млн. 912 миң кВт/саатка көп

Жоомарт Оторбаевдин айтканына караганда, электр энергиянын запасы боюнча элди тейлөө үчүн орточо норма 1800 киловатт/саат кубаттуулукту түзсө, ал чек азыркы учурда 2000 киловатт/саатка чыгып кеткен. Бул электр энергияны колдонуу күндөн-күнгө өсүп жатат дегенди түшүндүрөт. Маселен, 10-октябрда бир суткада колдонулган электр энергиянын кубаттуулугу өлкө боюнча 34 миллион 401 миң киловатт/саатты түзгөн. Ушундай эле убакта былтыркы көрсөткүч 23 млн. 489 миң киловатт/саат болгон. Айырмасынан эле суткасына 10 млн. 912 миң кВт/саатка быйылкы жылы электр энергияны көп колдонуп жатканыбыз байкалат. Мындай өсүү жаңы ишканалардын ачылышы менен дагы уланат дешет эксперттер. Демек, мына ушул маселелерден улам деле жаңы ГЭСтерди куруу зарылдыгы келип чыгууда. Бул боюнча Өкмөт өз ишин жүргүзүп жатат. Россия менен түзүлгөн келишимдер боюнча Нарын дарыясынын жогору жагына курулуучу 4 чакан ГЭСтердин курулушунун алгачкы иштери кызуу жүрүүдө. Бирок, учурдун маселеси быйылкы кыштан эптеп кыйынчылыксыз чыгуу болуп саналат.

 Суунун көлөмү кандай?

Азыркы кезде Кыргызстандагы электр энергияны эң көп өндүрүп берүүчү Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү Энергетика жана өнөр жай министрлигинин берген маалыматына караганда, 16-октябрда 11 млрд. 819 млн. куб өлчөмдү түзгөн. Суу сактагычка кирген суунун көлөмү былтыркыга караганда бир кыйла аз экени көрүнүп эле турат. “Эсептөөлөр боюнча келе жаткан жылдын апрель айында бизде 7 млрд. метр куб суу калат”,-дейт Токтогул ГЭСинин директору Алмаз Кушубаков. Ал эми адистер суунун андай көлөмү менен иштете берсек, ГЭСтин кымбат тетиктери талкаланып калаарын айтышууда. Негизи, өлкөбүздө сарпталган 80% электр энергияны Токтогул ГЭСи камсыз кылат. Калган 20 пайызын Шамалды-Сай, Күрпсай, Таш-Көмүр ж.б. ГЭСтери өндүрөт. Ошондуктан, Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү электр тармагында зор мааниге ээ. Ар бир 11 жылда суу эң аз келээри илимде эбак далилденген. Суунун мындай агымы дагы 2-3 жылга созулаары айтылууда.

 Системалуу саясат керек

Кантсе дагы энергетика тармагындагы коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүп, мамлекет бул тармакты өнүктүрүү боюнча системалуу саясат иштеп чыгуу зарылдыгы бар. Муну адис эксперттер такай айтып келишет. Маселен, “Ширшовдун схемасы” дагы деле иштеп жатканы тууралуу коомчулук коңгуроо кагып келүүдө.

Азыркы учурда бардык тармактарда баалар бир топ өстү. Электр тармагындагы жабдуулар эскирди. Электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн керектелүүчү материалдар, жабдуулар да жыл сайын кымбаттап баратат. Салыштырма иретинде айтсак, көмүр 330%га, газ 600%га кымбаттаган. Электр энергияга болгон баа ордунда эле турат. Бул маалыматты энергетика тармагындагы адис Карыпбек Алымкулов билдирген. Эгерде ушундай темп менен кете берсек, анда жакынкы жылдары энергетика тармагын таптакыр жоготуп алабыз,-дейт К.Алымкулов.

Жогоруда айткандай, энергетика тармагын терең иликтеп, бардык жагынан реформа жасай турган кезек келип жеткени анык. Албетте, электр энергияга болгон баа саясатында элдин жашоо деңгээли, минималдуу жана орточо айлык акылар канча болуп жатат, жетим-жесир, карылардын, майыптардын абалы кандай болот деген маселелер эске алынышы абзел.

Азизбек Чамашев

Свет1