Кечээ, 7-декабрда Токмок-Бишкек унаа жолунун 37-чакырымында, Элебесов көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде «Тойота Калдина» үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес Спринтер-Бусс» унаасы катышкан жол транспорт кырсыгы катталып,  кичи автобус оодарылып кетти. Окуяга күбө болгон окурман бул тууралуу «Репортерго» маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыр тартып, 3 адам каза болду.

ДТП ДТП1