Ошто ӨКМнин куткаруучуларынын катарын 41 жылда 74-жолу жаш жоокерлер толуктап, мекенге кызмат кылууга ант беришти
2014-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында 59 жаш жоокерлердин аскердик ант берүү аземи болуп өттү.
Ант берүү аземине КРнын ӨКМнин ыкчам башкармалыгынын башчысы полковник З. Джумагазиев катышып, жоокерлерди салтанаттуу күн менен куттуктап, каалоо тилек айтып өттү.
Ата-Мекен үчүн аскердик милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу эр жигиттин ыйык милдети болуп саналат.
КРнын ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын негизги тапшырмасы – өзгөчө кырдаал учурунда элдерди коргоо, сактоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү, куткаруучуларды даярдоо (куткаруучу-химиктер, айдоочулар, кинологдор, суучулдар, медиктер, альпинистер) болуп саналат. Куткаруу – бул ыйык милдет болуп эсептелет. Ошондуктан кызмат өтөө учурунда жаш жоокерлерибиз куткаруучулардан өтө кыйын жана жоопкерчиликтүү болгон куткаруу иштерин үйрөнүшөт деген ишеничтебиз.
КРнын ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын түзүлгөндүгүнө 2014-жылдын 30-ноябрында 41 жыл толду, 41 жылдын ичинде, бул 74-жолку катардагы жаш толуктоолордон болуп эсептелет деп билдирди КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы.




Leave a Reply