БАКС
Соңку убакта өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайлардын жабылышы керектиги тууралуу маалыматтар айтыла калып жатат. Бирок, ага каршы болгондор да жок эмес. Бүгүн бул маселенин тегерегинде даярдалган мыйзам долбоорун Улуттук банк талкууга алды. Жыйынга Экономика министри Темир Сариев да катышып, ал акча алмаштыруу жайларын жабууга каршы экендигин айтып чыкты.
Анын пикиринде, азыркы учурда иштеп жаткан акча алмаштыруучу бюролордун дээрлик бардыгы лицензия алган уюмдар болуп саналат. Анан калса, алар салык төлөп жатышат. “Биздин өлкөдө ресурстар чектелген, инфраструктура начар өнүккөн. Жалгыз артыкчылыгыбыз – либералдуу мыйзамдарыбыз. Улуттук банк башкы жөнгө салуучу катары акча алмаштыруу жайларынын ишмердигине көзөмөл жүргүзүүгө укугу бар болгондуктан, кээде валютага карата суроо-талапты күчөтүп жиберген учурларда гана алардын ишмердигин тыкыр көзөмөлгө алуу боюнча маселесин колдойм”,- дейт Темир Сариев.
Динар ТУРДУГУЛОВА