Cupok

Шериктештик кубогунда алгач КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондору ойноп келишкен. Соңку 4 жылдан бери 21 жашка чейин жаштар курамалары күч сынашып келет. Санкт-Петербург шаарында 23-ирет өтүп жаткан турнирде Кыргызстан В тобунда Россия, Молдова жана Латвия менен ойноду.

16-январда Кыргызстан-Молдова 1:1, 18-январда Латвия менен болгон оюнда деле 1:1 эсебинде тең чыгуу катталды. Кечээ 19-январдагы чечүүчү оюнда биздин жаштар командабыз Россия курамасын 2:1 эсебинде жеңип алып, баарын таң калтырды. Өз тобунда бардык көрсөткүчтөрү боюнча мыкты болду. ( Таблицаны караңыз) Турнирдин тарыхында Кыргызстан биринчи жолу чейрек финалга чыкты. Эми бүгүнкү оюндардан соң чейрек финалда ким менен ойноорубуз белгилүү болот.

 

Командалар оюн жеңиш тең чыгуу жеңилүү гол +/- упай
1   Кыргызстан 3 1 2 0 4-3 +1 5
2   Россия 3 1 1 1 4-4 0 4
3   Молдова 3 0 3 0 4-4 0 3
4   Латвия 3 0 2 1 2-3 -1 2

Асан ЖУНУСОВ