аида

Аида Салянованын Башкы прокурорлук кызматты тапшыруу боюнча арызын жазып жаткан чакта анын күйөөсүнө карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат тарап кетти. Аларга таянсак, Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров “Тазалык” ишканасына байланыштуу иштерге тиешеси бар экени айтылууда. Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиргени боюнча, 2015-жылдын 5-январында жабырлануучулардын арызынын негизинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө адамдар тобу УКМКнын “Тазалык” ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин кыскартууга жардам берем деп алдап, 50 миң АКШ долларын алганы маалым болгон. Бул кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн баары өлкөнүн Баш прокурору Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров жогорудагы фактыга тиешеси бар деп түздөн-түз көрсөтмө беришкен. Азыр иликтөө иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Рахат Сулайманов буга чейинки “Абдыкапаров Бишкек ЖЭБинен сапатсыз көмүр тартып келүү боюнча иште айып тагылууда” деген маалыматты төгүнгө чыгарды.
Белгилей кетсек, Бакыт Абдыкапаров өткөн жылдын ноябрынан бери Адилет министри Алмамбет Шыкмаматовдун жардамчысы болуп иштеп келет.
Динар ТУРДУГУЛОВА