бургонду1

Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү өрөөнүндө иш сапарын улантууда. Белгилей кетсек, Кадамжай районунун Бүргөндү өрөөнүндө, Бүргөндү массиви 2008-жылдан тарта өздөштүрүлүп, учурда курулуш иштери уланууда. Бүгүнкү күндө Бүргөндү аймагында суу жеткирүү долбоору ишке кирүүдө жана Бүргөндү кеңейтилип, ички суу каналдар курулууда. Сугат суу каналдары пайдаланууга берилсе Бүргөндү өрөөнүндө кошумча 3,5 миң гектар жаңы жер аянты өздөштүрүлөт. Дың жерге суу жеткирүү иштери 2008-жылдан 2013-жылга чейин мамлекеттик каржылоо менен келсе,  2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин түрк кредиттик каржылоо менен курулуш иштери жүрүүдө. 1-этап боюнча 2008-жылдан 2010-жылы чейин, узундугу 1 км 460 метрдеги дюкер бүтсө, 2-этап боюнча, 2010-жылдан 2014-жылга чейин 3 км 150 метрлик магистралдык канал курулуп бүткөн. Ал эми 3-этапта 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин түрк кредиттик каржылоо менен 96 км ички чарба каналдар курулууда.