сарпашев1

Кечээ Өкмөттө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин жыйыны болуп, анда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев технологиялардын өсүшү жана аны жайылтуу дүйнө коомчулугу үчүн маанилүү фактор болоорун белгиледи. Мамлекеттик электрондук башкаруу борборун түзүү боюнча өкмөттүн токтомунун долбоору иштелип чыкканын белгилей кетүү керек. Учурда электрондук форматта  мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары дагы даярдалды.  Эл аралык донорлук уюмдардын өкүлдөрү көтөрүлгөн маселенин маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттик электрондук башкаруу борборуна электрондук өкмөттү киргизүү боюнча көмөк көрсөтүү маселесин карап чыгууну убадалады.

“Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын алкагында электрондук өкмөттү түзүү боюнча бир катар ойлонулган кадамдарга баруубуз зарыл. Бул кагаз жүзүндө калбасын. Андыктан мамлекеттик электрондук башкаруу борбору эффективдүү ишин көрсөтүшү керек”,- деп билдирди биринчи вице- премерь- министр Тайырбек Сарпашев.

Электрондук өкмөт – бул ар бир мамлекттин жарандарына жана бизнеске маалымат технологияларын колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыкмасы болуп саналат. Ошондой эле иш кагаздарын жүгүртүүдө жана башкаруу процесстерин автоматташтырууга шарт түзөт. Мисалы, жарандар өзүнүн маалыматтарын ар бир мекемеге алып баруунун кажети жок, ал маалыматты бир гана мекеме кабыл алат, башкача айтканда мекемелер аралык маалымат алмашууну мамелекет өзү колго алат. Анда паспортту, айдоочу күбөлүктү, күбөлүктү, уруксаат берүүчү кагаздарды алуунун убактысы жарым саатты алат. Жарандар өз убактысын каражаттарын коротпостон, керектүү маалыматтарды мамлекеттик органдардандын электрондук базаларынан бир нече мүнөттүн ичинде таба алышат. Ар бир адам өз үйүнөн чыкпастан эле, мамлекетти башкарууда да өз салымын кошо алат.

Электрондук-санарип кол коюу (ЭСК) – бул электрондук өкмөттүн эң негизги аспабы жана кадимки кагаздарга кол коюудан баш тартуунун бирден-бир булагы болуп саналат. Аспапты колдонууда ар кандай макулдашуулардын жана уруксат берүүчү кагаздарынын саны кескин түрдө кыскарат. Электрондук өкмөттүн кагазы жок иш-кагаздарын жүгүртүү иштеринде миллиондогон бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө шарт түзүлөт. Мисалы Экономика жана монополияга каршы министрлигинин бир айлык чыгымын алсак, иш-кагаздарын жүгүртүү үчүн кеткен чыгым 1,5 млн. сомду түзөт экен. Жогорудагы технологияны ишке киргизүү менен мекемелер аралык кагаз документтерин ташуу, же аларды райондук, облустук, борбордук бийлик арасында жүгүртүү өз актуалдуулугун жоготот.

Түштүк Корея, Эстония жана Сингапур мамлекеттеринде электрондук өкмөт (ЭӨ) күнүмдүк турмуштун эле көрүнүшүнө айланган. Казакстанды ала турган болсок, ал жерде мамлекеттик башкарууда ЭӨ киргизүү менен көптөгөн жетишкендиктерге жетише башташты. Ал эми Кыргызстанда бул тууралуу көптөгөн талкуулар жүрүп келет

Тилекке каршы, калктын көп катмарында электрондук өкмөттүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты билгендер аз.

Электрондук  кызмат көрсөтүү жагынан Эстония мамлекети дүйнөдө сап башында орунда турат. Эстонияда “өкмөт бизнеске” (G2B) деген кызматташуусу, бизнеске болгон чектөөлөрдүн кыскарышынын негизинде өнүккөн. Мисалга алсак, бул өлкөдө кандайдыр бир компанияны интернет аркылуу каттоодогу сарпталган убакыт 18 минөттү түзөт. Электрондук тармак аркылуу каалаган лицензия жана сертификатты алууга болот. Көзөмөлдөөчү мекемелердин кызматкерлери менен түздөн-түз сүйлөшүү кыскарган, бул болсо коррупциянын көлөмүнүн азайышына алып келген. Калктын 90%дан ашыгы салык декларацияларын интернет аркылуу толтурушат жана жөнөтүшөт. Ошондой эле 2005-жылдан тартып Эстония мамлекетинин жарандары кайсы гана жерде болбосун, шайлоо убагында интернет аркылуу шайлаганга шарттар түзүлгєнїн да айтсак болот. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин ишин жүзөгө ашырууда, электрондук башкаруу жергиликтүү калкка бийликтин иштерине катышууга шарт түзүп берет. Муниципалитеттин отурумунда каралуучу кандайдыр бир маселеге жергиликтүү калк “макул” же “каршы” деген добушун бере алат. Ушундай иш чараларды өткөрүү менен жергиликтүү бийлик жарандардын оюн, алардын бийликке болгон ишенимин биле алышат. Эстония мамлекети ЭӨ программасын, өлкөдө информатизациялоонун деңгээлинин төмөндүгүнө карабастан ишке киргизген. Кыргызстан да  ушул тармактагы окшош абалын эске алып, бул балтика мамлектинин жүргүзгөн тажрыйбасын биз да колдонсок болот. Эстонияда ЭӨ долбоорун иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу, бул тармакты жакшы өздөштүргөн бизнес чөйрөсүнө тапшырылган, ал эми мамлекет болсо алармандын гана ролун ойногон.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА