Эрмат

Президент Алмазбек Атамбаев Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Эгемберди Эрматов, Кыргызстанга гана эмес, дүйнө жүзүнө тарткан фильмдери менен белгилүү болгон режиссер Замир Эралиев, Ош облустук радиосунда 30 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келаткан белгилүү акын Турабай Жороев, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Рефкат Бухармедов жана дунган жазуучусу Исхар Шесыр 1974-1979-жылдары СССРдин борбору Москва шаарында бирге окушкан. Бирок, булардын ичинен Эгемберди Эрматов менен Турабай Жороев гана бир окуу жайда, бир факультетте окушса, калгандары ар башка окуу жайлардан жогорку билимге ээ болуп чыгышты. Ал кезде Москвага барып окуган кыргызстандыктардын саны өтө эле аз болчу экен. Ошондон улам ар башка окуу жайларда окугандарына карабай, Кыргызстандан барган студенттер бири-бири менен катышып, майрам-тойлордо бирге болушуп, студенттик доорду чогуу сүрүшкөн. Бул курсташтардын ортосунда жаш курактык гана эмес, үй-бүлөлүк абалы жагынан да айырма жок эмес эле. Маселен, Алмаз Атамбаев менен Эгемберди Эрматовдор студент кезинде эле үй-бүлөлүү, ал тургай балалуу болуп калышкан экен. Ошентсе да алар жоро-жолдоштору менен катышты үзбөй, тескерисинче, тез-тез чогулушуп, өз алдыларынча ынтымактуу болушуптур.

Эгемберди Эрматов:

“Алмазбек Атамбаев өзү жазган обондуу ырын гитарада ырдап, фильмге тартылган”

– Биз Москвада окуп жүргөн учур Союздун эң жакшы жылдарына туш келди. Мен жаңыдан Бүткүл дүйнөлүк М.Горький атындагы Адабият институтуна тапшырып, окуп баштаганда эле мен сыяктуу жаңыдан окууга кирген башка окуу жайлардагы кыргызстандык курсташтарымды таап, алар менен катышты, достукту бекемдей баштагам. Азыркы учурда Башкаруу академиясы деп аталган ал кездеги Башкаруу институтуна Алмазбек Атамбаев тапшырган эле. Алмаз экөөбүздүн катышыбыз башкалардыкынан өзгөчөрөөк болчу. Анткени, ал адабиятка абдан кызыгып, ынтаасын коюп дүйнөлүк адабияттарды окучу. Ошол учурда адабият боюнча эки жылдык окуу курсу бар эле. Ошол курста Элүүбай Отунчиев деген кыргыздын чыгаан жазуучуларынын бири окучу. Алмаз ошол кишинин жанында көбүрөөк жүрүп, алгач анын айрым аңгемелерин орус тилине которду. Ошондо ал сөзмө-сөз которгон экен, бирок, талкууга коюлганда Элүүбай Отунчиевдин илимий жетекчиси Владимир Солоухин деген орус элинин үлкөн жазуучусу аңгемени сөзмө-сөз котормо эмес, кадимкидей эле көркөм котормо экендигин айтып, Алмазга баа берген. Ошондон кийин Алмаз кайра Элүүбай акенин “Алтын казык” деген көлөмдүү повестин которду. Котормо Солоухин тарабынан абдан жактырылып, Москвадагы басмага сунушталып, Алмаз студент кезинде анын котормосу жарык көрдү. Бул биз үчүн дагы чоң сыймык, жетишкендик эле. Ошондон баштап, Алмаздын адабиятка дагы көбүрөөк кызыгуусу арта баштады. Өзү так илимдердин окуусунда окуп жатса да, адабиятка кызыкканына таңданчубуз. Көркөм адабиятты которуп, ал котормосу Москвада жарык көргөнүнө бир чети суктансак, бир чети сыймыктанчубуз. Алмаз экөөбүз жакын дос болгондуктан, мен ага ачык эле таң калганымды айтчумун. Алмаз дүйнөлүк адабиятты мыкты билип, дүйнөлүк чыгармалардын дээрлик бардыгын окуп чыккан бала эле. Ошол сапатынан улам экөөбүз тынымсыз байланышып, талашып-тартышып, окуган китептерибизди талкуулап, чогуу жүрчүбүз. Москвага кыргыз жазуучулары барып калганда алар менен жолугушуп, сүйлөшүп студенттик жылдарыбыз карыды.
Алмаздын айтканын бербеген, өжөр, пикиринен кайтпаган, көздөгөн максатына сөзсүз жетүүгө аракет кылган мүнөздөрү бар эле. Анан да эң жогорку касиети досторго ишенимдүү карачу. Азыр да ушундай мүнөздөрүнөн жазбаган. Алмаз досум отуруштардын көркү болчу. Гитара менен ошол кездеги шлягер ырларды мыкты чеберчилик менен аткарчу. Обон да жараткан жайы бар. Бир обону өзүнүн сөзүнө жазылган ыры менен Замир Эралиевдин дипломдук фильмине тартылган болчу.

“Замирден мыкты режисер чыгаары студент кезде эле байкалчу”

Ал эми Замир Эралиев Бүткүл дүйнөлүк кинематографисттер институтунда, улуу кинорежиссер Сергей Герасимовдун мектебинде окуган. Ал да биздин катарыбызда жүрчү. Бир күнү жолдоштор баарыбыз чогулуп, Замирдин тарткан кинотасмасынын премьерасына барганыбызда устаты С.Герасимов фильмдин дебютун жакшы кабыл алып, Замирди чын дилден куттуктап, келечекте андан чыгаан режиссер чыгаарын айткан. Чынында эле, Замир мыкты кинорежиссер болуп чыкты.
Майрам сайын достор менин жатаканама чогулушчу. Анткени, биздин Адабият институтунда ар бир студентке бирден бөлмө берилчү да. Таң атканча адабият, кино, искусство ж.б. жөнүндө талашып-тартышып, ыр окуп, айтор, бөлмөдө таң атырган күндөр көп эле болду. Замир жөнүндө дагы бир эсимде калган окуя бар. Бир күнү Москвада Бүткүл дүйнөлүк кино фестиваль өтүп калды. Замир “Эгемберди, жүр фестивалга барып келели, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океевдер келишиптир, учурашып келебиз”,- деди. Макул болуп, экөөбүз “Россия” мейманканасына барсак, ал жерде С.Чокморов бар экен, жолугуп кайттык. Эртеси жатаканага Замирдин туулган күнүн уюштуруп, ал агаларыбызды чакырдык. Келишти. Ошондо Төлөмүш ага туруп “студенттер, жакшы окугула, силер кыргыздын келечектеги мыкты маданий ишмерлерисиңер, көркөм өнөрдү силер улап кетесиңер. Жардам керек болсо, сурагыла, мүмкүнчүлүк болсо биз да силерге жардам беребиз” десе, Замир тура калып, “жардам сураганыбыз ушул, азыр эле берип кете бериңизчи, кийин сизди кайдан табабыз”,- деп жанталашып, тыйын сураганы эсимде. Көрсө, ал киши бизге акыл-насаатын айтып кирсе, биз акча жагынан жардам берет экен деп түшүнүп алыптырбыз да. Студенттин оюна тыйын-тыпыр гана келет эмеспи…

“Бири Эл сүрөтчүсү, бири илимдин кандидаты, дагы бири улуу акын чыкты”

Мындан тышкары, улуту татар, дунган болсо да Рефкат Бухармедов, Исхар Шесыр биздин компаниябызда эле. Рефкат Кыргыз Эл сүрөтчүсү. Ал өзү Мосвадагы Бүткүл дүйнөлүк Сүрөт институтунда окуган. Студент кезде эле таланты абдан таамай билинген, кыргыздын табиятынын керемет кооздуктарын өзгөчө сезип туя билген өзүнүн стили, өзгөчөлүгү, көркөм философиясы бар сүрөтчү болчу. Көп жылдар бою Сүрөтчүлөр союзунун катчысы болуп иштеп келди. Ал эми Исхар досум филология илимдеринин кандидаты, азыр деле шедевр ырларды, котормолорду жазып жүрөт. Экөөбүздүн катышыбыз азырга чейин уланып келет. Дагы бирөөбүз – М.Горький атындагы Адабият институтунда сырттан окуп жүргөн Турабай Жороев деген акын. Ал да бир топ ыр китептерди чыгарып, кыргызга аттын кашкасындай белгилүү болуп калды. Азыр Ошто радиодо иштейт.

Замир Эралиев:

“Эгембердини издеп, жаңы-жылды коридордо тоском”

– Студент кездеги жаңы жылды тосконубуз эсимде. Бир жолу жаңы жылды Эгембердинин жатаканасына барып тосмой болдук. Баарыбыз чогулуп, столго отуруп, бир стакандан ууртаган кезде жарык өчүп калды. “Үй ээси сенсиң, бар шам таап кел” деп, Эгембердини сыртка чыгарып жибердик. Ал ар бир комнатага кирип, шам сурап жүрүп, бардыгынан бирден стакан ичип чыга бериптир. Бир маалда саат 12:00 болоюн деп калды, Эгемберди жок. “Сен жибердиңби, эми өзүң таап кел” деп мени балдар чыгарып жиберишти. Жатакана чоң, аны кайдан табаарымды билбейм. Ошентип, Эгембердини таппай, жаңы жылды жатакананын коридорунда тостум. Ушундай кызык күндөр болгон.

Турабай Жороев:

“Студент кезде көп акча тапкан Эгемберди эле”

– Эгемберди Эрматов экөөбүз М.Горький атындагы Адабият институтунун адабият бөлүмүндө бир группада чогуу окудук. Алмазбек башка окуу жайда окугандыктан, аны менен жөн гана курсташ, дос болчубуз. Алмаздын мүнөзү токтоо, “мен кылдым” деп төш какпаган, ынтызарлыгы, жөнөкөйлүгү, тазалыгы, адамгерчилиги бийик турган бала эле. Айрым теңтуштарыбыздын арасында ооруп же кырсыктап калгандар болсо, биринчи болуп жан тарта кайрымдуулук кылган да, улуу кишилер келсе, алар менен учурашканга дайыма биринчи жол баштаган да Алмаз эле. Анан да Москвада жакшы кинолор болсо же, жакшы макала жарыялаган гезит-журналдар чыкса, бизге алып келип, чогуу талкуулашып, адабият чөйрөсүнө жакындыгын билгизчү. Ошондуктан, ал да биз менен чогуу окугандай эле сезилчү. Дос болгонубуздан кийин арабызда эч кандай тартынуу, уялуу деген болбочу. Студентке ар дайым тыйын-тыпыр керек нерсе. Оокат-ашка тыйын табуу үчүн айрымдарыбыз сабактан кийин жумуш таап, иштечүбүз. Бул жагынан Эгемберди эптүү эле. Өзүнө ылайыктуу жумушту бат эле таап алчу да, уялбай эле бардык иштерди жасай берчү. Анын көбүнчө иштеген жумушу – жатакананын тегерек-четин, аллеяларды күн сайын таң эрте шыпыруу, тазалоо болду. Анысы үчүн бригадири мактап, “үч күндө бир шыпырсаң болот” десе да, күн сайын шыпыра берчү. Аяшым Айгүл, чоң уулу Улан болуп жатаканада турушкандыктан, аларды бакканга акча табуу керек эле да. Бирок, Эгемберди баарына жетишчү, сабакты да калтырбай окуп, үй-бүлөсүн да бакчу. Алмаз да үй-бүлөлүү студент эле. Ал эми Замир Эралиев болсо өрт, тарсылдап, баарын уюштурган, бизди кинотеатрларга баштап барган бала эле. Москвада чоң театрларга кирүү оңой эмес эле. “Билетти мен табам” деп заматта баарыбызга билет алып келчү.
Негизи эле биз майрамдарда үстөлгө армян коньягынан биртике коюп, эт менен картошка кууруп, анан Рысбайдын, Асанкалыйдын ырларын ырдачубуз. Кандай майрам болбосун, алтоо-жетөөбүз шагырап чогуу жүрүп, паркка, киного ж.б. жерлерге чогуу барчубуз.

Динар ТУРДУГУЛОВА