Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
2014-жылдын 11-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга расмий сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Огузхан атындагы Аксарай комплексинде Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы.
Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, “Менин сапарым өлкөлөрүбүз ортосундагы кызматташууну чыңдоо үчүн жасалган кадам болуп калат деп ишенем. Биз Сиз экөөбүз тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, дээрлик бардык маселелер боюнча позициябыз бирдей экен”, – деди Алмазбек Атамбаев.
Ошондой эле мамлекет башчылары өлкөлөр ортосунда байланыштарды, анын ичинде түрдүү эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенишүүнү мындан ары өркүндөтүүнү активдештирүү зарылчылыгын белгилешти. “Биз өлкөлөр ортосундагы укуктук-келишимдик базаларды кеңейтүү боюнча иш жүргүзүшүбүз керек”, – деди Президент.
Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөндүк Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин баштоонун зарылчылыгын белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Түркмөнстандын отун-энергетика тармагында кызматташуунун өзгөчө маанисин белгиледи. “Түркмөнстандын энергетикалык потенциалын эске алганда, биздин кызматташуубуз региондо үлгү болуп калат деп үмүттөнөм”, – деди Алмазбек Атамбаев.
Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан Түркмөнстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналаарын баса айтып, өлкөлөр ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи. “Кыргызстан биз үчүн боордош өлкө, биз аны узак мөөнөттүү өнөктөш катары карайбыз. Биздин алдыбызда экономикалык, соода-инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кеңири кызматташуу орнотуу милдети турат”, – деди Гурбангулы Бердымухамедов.
Ошол эле учурда Түркмөнстандын Президенти эки өлкөнүн ортосундагы азыркы товар жүгүртүү көлөмү эки тараптуу кызматташуунун учурдагы мүмкүнчүлүгүнө төп келбестигин белгиледи. “Биз соода-экономикалык кызматташууга, транспорт, энергетика жана инвестициялар тармактарында өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүүгө тийишпиз. Ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү зарыл”, – деди Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов ошону менен бирге Түркмөнстан электрэнергиясын иштеп чыгууну көбөйтүп жаткандыктан, жакын арада электрэнергиясын Кыргызстанга жеткирүү маселесин карап чыгууга даяр экендигин белгиледи.
Cүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшуп, андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөндүк Өкмөттөр аралык комиссия жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосунда маданият чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Түркмөнстан Тышкы иштер министрлигинин эл аралык мамилелер институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосунда салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркмөнстандын финансы министрлигинин ортосунда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– дене тарбия тармагында макулдашуу.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн Президенттери кеңири курамда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.
Leave a Reply