Свердлов РИИБ кызматкерлери ишиндеги жыйынтыктар үчүн мени башкаларга баңги зат таштоого мажбурлашкан

«Мен мурда соттолгом, баңги зат колдончумун. Абактан чыккандан кийин милиция кызматкерлеринин көзөмөлүнөн өтүп турчумун. Свердлов РИИББ кызматкери Жанчар Алыбаев жана анын кесиптештери Бакыт, Иман, фамилияларын билбейм, мага колдонуума баңги зат берип, андан кийин ишиндеги жыйынтык көрсөтүү үчүн бирөөлөрдү камаганга ылайыктуу адам табышым керектигин айтышты. Мен баш тарттым. Алар менин канымдагы баңги затты текшертүү менен камап салышарын же мага баңги зат ташташа тургандыктарын жана аны мен мойнума алышым керектигин айтышты. Баш тарткандан кийин мени шише менен сабашып башкаларды табууга мажбурлашты.», – деп билдирди Чонахунов.
«Азыр менин жакындарымды коркутуп жатышат. Мага Свердлов РИИББнын кызматкерлери жана Бажы кызматынын кызматкери Шаменов Алмаз тараптан коркунуч жаралууда. Себеби мен Сергей Бутовецке ташташым керек болгон баңги затты Шаменов Алмаз берген. Шаменов болсо, Жанчар Алыбаевдин досу болот. Ал ошон үчүн бул иштерге жардам берген», – деп кошумчалады Чонахунов.
Чонахунов тарабынан баңги зат ташталып камалган Павел Гамолиндин жактоочусу Арман Кыйгырова, анын ак жерден камалган жакталуучусунун абалы оор экендигин жана бул ишти иликтегендиги үчүн ага Свердлов РИИБ тергөөчүсү Саламат Медетбекова 2014-жылдын 19-августунда эрте менен саат 9:00 Свердлов РИИБ имаратында кол салгандыгын белгиледи.
«Свердлов РИИБ тергөөчүсү Саламат Медетбекова Свердлов РИИБ ичинде 19-августта саат 9:00дө мен тепкичтен түшүп бар жатканда кол салды. Муну болсо бизди тартипти бузду дегенге шылтооломок экен»,- деди жактоочу.
Ал, мындан тышкары Гамолиндин иши боюнча КРнын акыйкатчысына бир нече жолу кайрылышкандыгын, бирок жыйынтык жоктугун кошумчалады.

Leave a Reply