Ашраф Гани1

2015-жылдын 28-февралында, Кыргыз Республикасынын ПрезидентиАлмазбек Атамбаев Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге өлкөнүн түндүк-чыгышында кар көчкүдөн улам жарандардын массалуу каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргыз элинин  жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүмдү жана жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалагандыгымды жеткирип коюңузду өтүнөм”, – деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.