нөөмөт-чалуулары

2015-жылдын 1-марты саат 8:00дөн 2- март саат 8:00гө чейинки бир сутканын ичинде 112- Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына баары 185 чалуу болсо, 164 жалган чалуулар болуп, 21 чалуу тастыкталган.

Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 76 чалуу болсо, 70 – жалган чалуу. Ош шаары боюнча 105 чалуу болсо, 90 чалуу  жалган болгон. Жалпы  1 жолу медицина кызматкерлери чакырылса, 1 жолу милиция кызматкерлерине кабар берилип, 21 адамга телефон аркылуу психологиялык кенеш берилген.

Чалууларга токтоло кетсек, 2015-жылдын 1- март күнү саат 15:25 Бишкек шаарындагы  Дордой кичи районундагы Тулпар унаа базардын жанында жол кырсыгы катталып, 112-кызматына кайрылышкан. Кырсык болгон жерге  милиция кызматкерлери барышкан.

Ошондой эле 2015-жылдын 2-март күнү саат 03:24 Дом-Быта районунда  мас абалындагы адамдар унаанын ичинде тополоң кылып жатат деп айдоочусу кайрылган, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

КРнын ӨКМнин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун адистеринин айтымында, максатсыз чалуулар көп болууда.  Жалган чалуулардын көп болуусунун себеби сенсордук уюлдук телефондордун контролсуз чалынышынын жана жаш балдардын ойноп чалууларынан, ошондой эле чукул кырдаалга тийешеси жок маалыматтарды сурап чалуулар болууда.

Эгерде сиз ар кандай чукул кырдаалга кабылган болсоңуз медицина кызматкерлерин, милицияны, өрт өчүрүүчүлөрдү чакыруу зарылдыгы пайда болсо, ойлонбостон “112” номери аркылуу Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына чалыңыз! Биз Сиздин кызматыңыздабыз! Чалуулар акысыз!