кар жаады1

Быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу көпчүлүк аймактарда кардын арбын жаашы байкалууда. Мисалы, Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-декабрындагы кардын бийиктиги 2 сантиметр болсо, 2014-жылдын 8-декабрында 25 сантиметрге жеткен, ал эми көп жылдык (20 жылдык) норма 3 сантиметр болуп, бул цифраларды пайыздык эсеп менен алганда 2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу 1250%га, ал эми көп жылдык нормага салыштырмалуу 443 %га көп жааган.

Быйылкы кардын көп жаашы боюнча 2-орунда Жалал-Абад облусунун Аксы району болууда. Аксы районунун Пачата айылында 2013-жылдын 8-декабрында кардын бийиктиги 5 сантиметр болгон болсо, 2014-жылдын 8-декабрында кардын бийиктиги 31 сантиметрге жеткен. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 620%га, ал эми көп жылдык нормага салыштырмалуу 775%га көп.

Ошондой эле Республиканын аймагында 2013-жылдын 19-ноябрынан кар катуу жаап баштап, 2013-жылдын 20-22-ноябрына шашылыш билдирүү таркатылып, 1-декабрда алгачкы кар көчкү катталган. Ал эми 2014-жылдын 8-октярынан кар катуу жаап баштап, 2014-жылдын 8-10-октябрына шашылыш билдирүү таркатып, 8-октябрында алгачкы кар көчкү катталды.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 24-25-августундагы аба ырайы акыркы 30 жылдагы эң жогорку рекорддук көрсөткүчкө жетип, көлөкө жерлерде 38-39 градус, ал эми ачык жерлерде 40 градуска чейин ысык болду.