Ош мамлекеттик университетинде кечээ, 22-октябрь күнү ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата «Билим берүүнүн, илимдин заманбап маселелери, интеграциялануу процессинде жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө университеттердин ролу» аттуу эл аралык конференция өз ишин баштады.

Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, конференцияга Билим берүү жана илим министрлигинен, Улуттук илимдер академиясынан, Кыргыз Билим берүү академиясынан, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техника университетинен, Казакстандын Тараз университетинен, Түркиядан, ОшТУ, ОшМСУ, ОГПИ, Ош мамлекеттик юридика институтунан, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад экономикалык ишкердик университети, Талас мамлекеттик университеттери сыяктуу жогорку окуу жайларынан делегация катышууда.

Пленардык жыйында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин учурдагы жасаган иштери жана келечеги тууралуу баяндап жатып «Өмүрүн, билимин, акыл-эсин жаштарга арнап, университетибиздин өнүгүшүнө салымын кошуп келе жаткан устаттарыбызды, агай-эжейлерибизди, студент досторубузду билим журтубуздун 75 жылдык сыймыктуу мааракеси менен чын ниеттен кызуу куттуктаймын», – деди.

Ошондой эле, университеттин 75 жылдык тарыхын камтыган «Ош мугалимдер институтунан башталган жол» жана «Билим берүү сапарында 60 жыл» аттуу китептер тууралуу маалымат берди.

Пленардык жыйында КРнын финансы министринин орун басары, э.и.к, доцент А.Кожошов, КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти э.и.д., профессор П.Купуев, тех.и.д., профессорлору Дж.Обозов, И.Кенжаев, ф-м., и.к., доцент К.Кожобековдор баяндама жасашты.

Ошондой эле, университеттин жамаатын куттуктап келген коноктордун куттуктоо сөздөрү, каалоо-тилектери айтылды.

Пленардык жыйынды ОшМУнун таланттарынын концерттик программалары жыйынтыктады.

Конференция өз ишин андан ары 18 секцияда улантып, секциялык иштер багытына жараша ОшМУнун факультеттеринде өттү. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдыгына карата көргөзмөлөр уюштурулду. Коноктор университеттин жаңыланган окуу имараттары,
кампустары, лабораториялары менен да таанышып чыгышты.

Конференциянын уюштуруу иштери ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, б.и.д, профессор Тасилкан Жумабаева тарабынан жүргүзүлдү.

А 1

А 2

А 3

А 4

А 5

А 6

А 8

А 9

Булак: Turmush