Депутат Урмат Аманбаевага тиешелүү кылмыш иши боюнча тергөөдөн өтүп жаткан Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун мурдагы директору А.Байсаловдун 11-декабрда өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу маалымат түштү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, мындай билдирүү  саат 16:45тер чамасында Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө түшкөн. Бул бөлүмдүн оперативдүү тергөө тобу Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 20-көчөсүнүн 24-үйүнө барганда үйдө 1948-жылы туулган А.Байсаловдун жансыз денесин көрүшкөн.

Моюнунда муунтунун издери калган.

Учурда ыкчам-тергөө тобу өлүктү кароо иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, кылмыш ишин Башкы прокуратура карап жаткан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, У.Аманбаева Ош облустук кургак учук менен каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз каражатка ээ болуу максаты менен борбордун директору А.Б., аталган борбордогу дарыкананын башчысы Ф.Ш., «Б.» ЖЧКнын директору М.У. жана башкалардан турган топ түзгөн.

У.Аманбаеванын мыйзамсыз талабын аткарган Ош облустук кургак учук менен каршы күрөшүү борборунун медайымдары Ош облустук кургак учук менен каршы күрөшүү борборунун дарыканасынан алынган кургак учукка каршы колдонулуучу дары-дармектерди жана дезинфекциялык каражаттарды жазуу түрүндөгү документтерге ашырылган түрдө көрсөтүшкөн.

Дары-дармектер менен каражаттар үчүн ашырыла жазылган сандык айырмалар «Б.» ЖЧКнан алынган болуп көрсөтүлгөн. Ашыра жазылган акча каражаты аталган ЖЧКнын эсебине которулуп, андан соң түзүлгөн топтун мүчөлөрүнө бөлүнүп турган.

Ош облустук кургак учук менен каршы күрөшүү борборундагы мындай көрүнүш 2009-жылдан баштап, 2013-жылга чейин созулуп, мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 17 млн 263 миң 500 сомго жеткен.